Медициналык кызматкер ВИЧке кан анализин жүргүзүп жатат

Жалал-Абадда ВИЧ илдетин жуктургандарды аныктоо боюнча акция башталды

93
(жаңыланган 18:19 27.11.2020)
Өнөктүк маалында жашоочулар анонимдүү түрдө акысыз текшерүүдөн өтө алат. Иш-чара 27-ноябрдан баштап 1-декабрга чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "ВИЧ-СПИД илдети боюнча өз макамыңды бил" аттуу акция башталды. Бул тууралуу аталган аймактагы СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиришти.

Борбордун башкы дарыгери Элмира Сатарованын айтымында, облус аймагында илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алган эркектердин саны өскөн. Мындан улам өзүнүн ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын билбей жүргөндөрдү эртерээк аныктап, дарылоо максатында атайын иш-чара уюштурулган.

"Акция учурунда жашоочулар анонимдүү түрдө акысыз текшерүүдөн өтө алат. Иш-чара 27-ноябрдан баштап 1-декабрга чейин уланат", — деди Сатарова.

Маалым болгондой, облуста илдетти жугузгандардын 62 пайызы ооруну жыныстык жол менен илештирсе, 27 пайызы кан аркылуу, беш пайызы энеден балага жуккан.

Учурда Жалал-Абад облусунда 1 087 адамдын ВИЧ-инфекциясына чалдыккандыгы аныкталган. Жыл башынан бери 36 адам аталган дартты жуктуруп, алардын 56 пайызы эркектер экени кошумчаланды.

93
Белгилер:
акция, аныктоо, оору, ВИЧ, СПИД, Жалал-Абад
Тема боюнча
Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт
Салмак таштоо.Архивдик сүрөт

Беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты

13
Индиялык кызга дарыгерлер канында канттын жана холестериндин деңгээли жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда ал арыктоону чечкен.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Индияда беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

32 жаштагы Саана Шеттинин айтымында, дарыгерлер анын канында кант менен холестерин жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда капалана нес болгон. Кийин ал өзүн колго алып, арыктоону чечкен. Анда анын салмагы 125 килограмм болчу.

Анын айтымында, салмак таштоонун сыры жеген тамактын түрүнөн эмес анын көлөмүнөн көз каранды.

"Ченеми менен жеш керек. Тамактын порциясына тыкыр көз салып жатып кыска убакытта чоң салмактан арыла алдым. Ошондой эле азыкты жакшылап чайнап туруп анан жутуш керек", — деген ал.

Мындан тышкары, дароо шекерден, ун азыктарынан жана вегетериандык эмес азыктардан баш тарткан. Буга кошумча жөө басып, йога менен алектенген.

13
Белгилер:
тамактануу, салмак, арыктоо, Индия
Тема боюнча
Кыргызстанда ашыкча салмак менен эркектер көбүрөөк жабыркайт. Статистика
Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган
Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт

Бишкекте айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт

9
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.

"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.

9
Белгилер:
жыйын, Тилек Токтогазиев, өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар