Саламатсыздарбы! Мен сиздер аркылуу психологго кайрылууну туура көрдүм. Себеби үйдөгү аба ырайы ошондой болууда. Азыр менден бирөө "эркектер үчүн үйдөгү эң кыйын маселе эмне?" деп сураса багып өстүргөн алтындай энең менен сүйүктүү жубайыңдын тил табыша албагандыгы деп айтар элем. Муну угуп кээ бир жолдошторум мыйыгынан күлөт чыгар. Мен деле буга чейин бул үй-бүлөлүк олуттуу маселе экенин этибар албапмын. Бойдок кезде "келинчегим апама сүйлөсө жолуна салам" дечүмүн. Көрсө ажырашып кетүү менен эле баары бүтүп калбайт экен.
Өзүм үйдүн жалгыз уулумун. Эжем турмушка чыгып кеткен. Өзүмдүн бир кыз, бир уулум бар. Келинчегим балдар менен үйдө. Апам деле эки күндө бир нөөмөттүк жумушка чыгып турат.
Үйдөгү эки жакын адамым, энем менен жубайымдын бири-бирине жасаган мамилесинен тажап бүттүм. Кээде апама болушуп келинчегимди катуу урушуп салам. Андайда ал ыйлап, буркулдап кыялын көрсөтөт. Апамды тыйсам, ал киши да ыйлап, ар нерсени айтып зээнди кейитет. Эмне кыларды билбей деле калдым. Ажыраша да албайм. Экинчисин алсам ушул эле кырдаал кайталансачы? Эки баламдын тагдыры эмне болот? Өгөйлөнүп кор болору турган иш. Келинчегимди жакшы көрөм. Апам да биздин жакшылыгыбызды көрөйүн деп ушул эрезеге жеткирди. Келинчегим үй оокатынын баарын кылат, балдарды карайт. Бирок апамды көрсө эле кабагы бүркөлүп, жаман көрөрү билинип калат. Мага бул оор тиет. Апам деле неберелерин ойнотот, татынакай эле жүрөт. Бирок келинчегимдин оокат кылганын, кээ бир мүнөздөрүн жактырбай бетине айтып салат. Ошентип экөөнүн урушу башталат. Ортодо мен да беймаза болом.Бир жылча чет жакта иштеп келсемби деп жатам. Сабак болобу деп ойлойм. Чынында үйгө келгим келбей калды. Дагы башка кандай аргам бар?
Саадат Сыдыкова, психолог:
—"Массалык психология жана адамдын "Менине" (Я) анализ жасоо" ишинде Фрейд белгилүү философ Артур Шопенгауэр айткан уламышты мисал кылат. Уламыш боюнча баш калкалоочу жайы жок бир нече жапайы жандык суукта калат. Алар бири-бирине жакын, жабышып, бири-бирин жылытууну каалайт. Бирок анткен сайын ортодогу абал мурункудан да кыйындайт. Себеби бирөөлөрүнүн ийнелери экинчилеринин терисин тешип кетип же мүйүзү тоскоолдук жаратып кыйналышат. Алар канчалык жакшылык кааласа да анысы, тескерисинче, жамандык алып келе берет. Акыры тажаган жапайы жандыктар өз алдынча аракет кылып, жашоо менен күрөшүүгө өтүшөт.
Бирок апаңыз менен келинчегиңиз сиз менен гана мамиле түзүп, башкача айтканда, "диаданы" (эки кишинин мамилеси) көздөп жатышат. Негизинен энелер баласын төрөлгөндө эле психологиялык жактан өз алдынча бөлүп коюшу керек. Баланы бешикке бөлгөндөй эле эмоционалдык жактан өз алдынча коюу зарыл.
Ушундай оор кырдаалда кат менен кайрылган мырзанын баарынан качып, алыска кетип калууну көздөгөнү өкүнүчтүү. Тилекке каршы, мындай жол менен үй-бүлөнүн пайдубалы урап калышы мүмкүн. Биз талкаланып калган көп эле үй-бүлөлөрдүн тагдырына күбө болуп жүрбөйлүбү. Ошондуктан кайнене менен келин үйдөгү мамилени жана абалды жөнгө салуу жагын карашы керек. Антпесе алар жакын адамынын эмоциялык туруктуулугун талкалап салат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.