БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Россиядагы "За рулем" журналы кышында унаада күйүүчү майды кантип үнөмдөөнүн жолун жазганын РИА Новости кабарлады.
Кышкысын унаанын кыймылдаткычын кызытуу, салонду жылытуу жана жолдогу катаал абал сыяктуу көрүнүштөргө күйүүчү май чыгым болот.
Биринчиден, унаанын үстүндөгү карды тазаламайынча кыймылдаткычты от алдырбай туруу керек. Ошондой эле унаа ордунан жүрүп баштаганда катуу айдаганга болбойт.
Экинчиден, унаанын кузовундагы карды тазалоо зарыл. Анткени унаанын жүрүшү жана аба басымы жеңил болот. Унаанын дөңгөлөгүнүн басымын көзөмөлгө алуу да маанилүү.Дөңгөлөктүн басымынын төмөн болушу аласалып кетүү коркунучуна жана күйүүчү майдын ашыкча чыгымына алып келет.
Күйүүчү майды үнөмдөө үчүн унаа-төшөнчө (автоодеяло) пайдаланууга болот. Ал кыймылдаткычты кыска убакта кызытууга өбөлгө болот.
Мындан сырткары, унаадагы ашыкча жабдыктарды, маселен, үстүндөгү жүк коюучу шайманды алып салуу керек. Унааны туура айдоо дагы маанилүү жагдай экени айтылат.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкерлери Кубаныч Абдисалам уулу (жеңил салмак) жана Жыргал Чомонов (оор салмак) бүгүн BRAVE CF & KREPOST промоушендеринин биргелешкен мелдешинде беттешке чыгышат. Алардын атаандаштары менен көз караштар таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашат. Кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер мушкерлердин көз караштар таймашына чыккан видеосун жарыялашты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми оор салмакта Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE CF промоушенинен чыккан.