Кээде эгиздердин бири коомчулукка белгилүү болсо, айрым учурда экөө тең ар тармакта ийгиликке жетишип, таанымал эгиздер атыгышат.
Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен баарлашты. Кундуз учурда Нарында жашайт, кесиби боюнча юрист. Жолдошу менен эки уулду тарбиялап, аларга татыктуу тарбия берип келишет.
— Чыңгыз Эсенгулов коомчулукка белгилүү адам. Ал адамдын эгизи бар экенин көбү билбесе керек. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
— Мен 1987-жылы Нарын шаарында туулуп-өскөм. Кийин беш жашымда Бишкекке көчүп кеткенбиз. Бирок 8-классымда кайрадан Нарындагы орто мектепте окудум. Себеби эжеме кол кабыш кылууга туура келди. Улуу эжем ошол учурда турмушка чыгып, жаш аялмет эле. Кийин 9-класстын базасы менен юридикалык колледжде билим алдым. Аны бүтөрүм менен эле Юридикалык академияга тапшыргам. Кесибим боюнча юристмин. Азыр Нарын шаардык сотунда судьянын катчысы болуп иштейм.
— Үй-бүлөңүз менен Нарында жашайт турбайсызбы?
— Ооба. Жолдошумдун кесиби электрик. Азыр ушул тармакта башкы көзөмөлдөөчү болуп эмгектенет. Мектепте окуган эки уулубуз бар. Экөөбүз 2007-жылы Самара шаарынан таанышып, кийин Кыргызстанга келип баш коштук. Кайра Россияга барып беш жыл жашап, жолдошум жалгыз бала болгондуктан Нарынга келүүгө туура келген.
— Эми эгизиңиз тууралуу сүйлөшсөк. Эгиздин түгөйү болгон жакшыбы?
— Ооба, жакшы. Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.
— Азыр да жакынсыздарбы? Дегеним, эки башка бүлө куруп, өз түйшүгүңөр бар дегендей...
— Ооба, башка бир туугандарыбызга караганда экөөбүз аябай жакын болуп калдык. Сырдашабыз. Мен Бишкекке барганда сөз жок Чыңгыздыкына барам. Ошол жакта болом. Анын үстүнө апам да уулунун колунда. Биздин үйдө Чыңгыз жалгыз уул бала болгондуктан ага таянам. Анын үстүнө төрөт убагында экөөбүздүн ортобузда 15 мүнөт айырма болуп, ал менден биринчи төрөлүптүр. Мага байке дагы, атанын ордуна ата да болуп, ушу күнгө чейин жанымда жүрөт. Кадимкидей эле атама эркелегендей эркелейм. Чыңгыз ажыга барган кезде эмнегедир менде да абдан жагымдуу сезимдер болгон. Ал кезде мен Россияда элем. Меккеден мага видео аркылуу байланышып "мына, Меккеде жүрөм" деп сүйүнүп көргөзгөн эле. Ошол сезимдер эсимде, мен да кошо баргандай болгом. Чыңгызды материалдык болбосо да моралдык жактан дайыма колдогонго аракет кылып келем.
— Кичинеңерде чогуу ойноп, издешкен жакын белеңер же кадимки бир туугандардай эле өстүңөрбү?
— Албетте, кичинекей кезде урушкан учурлар көп эле болот. Ойноп жатып урушасың, кайра табышасың. Чыңгыз өзү абдан ак көңүл. Бирөөгө көп таарынбайт. Же бат эле жазылып кетет. Экөөбүз 6-класска чейин бир класста окудук. Апабыз Россияда иштегендиктен, 6-классты ошол жактан окуганбыз. Андан кийин Нарынга кетип калдык. Чыңгыз Нарындагы Кыргыз-түрк лицейинде окуду. Жогоруда айткандай, биз 1-класста окуп жүргөндө эле атабыз каза болуп калган. Апам жалгыз өзү беш баланы тарбиялап, жогорку билим берди. Бизди ушул даражага жеткирген ошол киши. Апам билими боюнча биолог болгондуктан Нарындагы медициналык окуу жайда сабак берчү. Бирок турмуш шартка байланыштуу кийин Россияга барып соода кылып жүрдү. Кичинекей кезибизде Чыңгыз экөөбүз бир бала бакчага барып, чогуу ойноп, жетелешип чоңойдук. Мен ооруп калсам, Чыңгыз да ооруп калчу. Же тескерисинче болчу. Ортодо кандайдыр бир байланыш бар, башка бир туугандарыңа караганда, баары бир өзгөчө жакындык болот экен. Чыңгыз Бишкекте жүрүп ичинен кыжалат болуп жатса, мен да сезем. Кадимкидей өзүмчө жаман боло берем.
— Кесип тандоого келгенде эмне түрткү берди. Кандайча тандап калдыңыздар?
— Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон. Бирок экөөбүз тең чоңойгондо милиция кызматкери болууну самачубуз. Кийин ал Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде окуп, мен апамдын сунушу менен юридикалык жогорку билимге ээ болдум. Апам "сен юрист болууга татыктуусуң, юрист же сот болгонуңду көргүм келет" деп айткандыктан, мен ушул кесипти тандап кеткем. Чыңгыз жөндөмүнө жараша журналистика айдыңында эмгектенип калды.
— Тукумунда эгиз болгондо гана эгиз төрөлөт дешет го...
— Атамдын таенеси эгиз төрөгөн экен. Келечекте бизде да эгиз болор деп күтөбүз. Менин үй-бүлөмдө же Чыңгызда, мүмкүн эжелерибиздин үйүндө эгиз бөбөктөр төрөлүп калар .
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыкты. Ал 16 атаандашын артта калтырып, шайлоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болгон. Андан кийинки сапта жетиден кем пайыз алган Адахан Мадумаров. Калган талапкерлер үч пайызга да жетпеген добуш алышты.
Жапаров саясатка түз эле түзөтүү колониясынан келди. Мурдагы эл өкүлү мамлекеттик кызматкерди барымтага алган деген айып менен жазасын өтөп жаткан. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан улам башталган элдик толкундоолордун экинчи күнүндө аны тарапташтары бошоткон. Алты күн өтпөй Жапаров премьер-министрлик кызматка бекиген. Дагы беш күндөн кийин президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбурлап, өзү мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Бийликке "түрмө аркылуу" келген башка өлкөлөрдүн башчыларын эске салууну чечтик.
Кубалык революционер жана мамлекеттик ишмер 1953-жылы Сантьяго-де-Куба шаарындагы Монкада аскердик казармаларга жасалган ийгиликсиз чабуулдан улам камалган. Дал ошондо алгач ирет "Эркиндик же өлүм!" деген айтылуу ураан жаңырган.
Көтөрүлүш аёосуз басылып, Фидель Кастро аскердик трибуналга чыккан. Он беш жылга кесилген, бирок 1955-жылдын май айында коомдук пикирдин басымы алдында козголоңчуга ырайым берилген. Ошол эле жылы ал Мексикага жер которот.
Кастронун доору Кубада 1959-жылы, тагыраагы, революция жеңип жана Фульхенсио Батистанын диктатурасы кулатылганда башталган. Январда Кастро армиянын командачылыгын өз көзөмөлүнө алып, ал эми февралда өкмөт башчысынын ордун ээлеген. Өлкөнү дээрлик жарым кылым, 2008-жылга дейре жетектеп турган. Акыркы жылдары мамлекетти башкаруудан четтеп, бийликти иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. Ал киши да кезегинде көтөрүлүшчүлөр армиясында күрөшкөн.Балкандардагы эң белгилүү саясатчылардын бири Иосип Броз Тито мамлекет башына келгенге чейин темир тор аркасына эки ирет түшкөн. Адегенде бул Биринчи дүйнөлүк согуш убагында болгон, ага болочоктогу жол башчы Австрия-Венгрия императордук армиясынын курамына чакырылган.
Тито эмне себеп менен, кандай шарттарда кесилгени так белгисиз. Бир версияга ылайык, козголоңго азгыргандыгы, дагы бир версияга ылайык, ал орустар менен качууга ниети үчүн камакка алынганы айтылат. Кандай болгон күндө да көп өтпөй толук акталып чыккан.
Экинчи жолу 1928-жылы беш жылдан ашуун мезгилге кесилип, жазасын оор шартта өтөгөн. 1934-жылы март айында абактан чыгат. Азаттыкка чыккан соң Югославиянын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири болгон.1948-жылы премьер-министр жана Тышкы иштер министрлигин аркалаган, ал эми 1953-жылы Тито президент болуп шайланат. Бул кызматты өмүрүнүн аягына дейре, тагыраагы, 1980-жылдын май айына дейре ээлеген.
1989-жылдын 29-декабрында Чехословакияда бийликке драматург, социалисттик түзүлүштүн айтылуу сынчысы Вацлав Гавел келген. Эч кандай саясий тажрыйбасы жок киши посткоммунисттик Чехословакиянын тун президенти болот. Ал эми өлкө экиге бөлүнгөн соң Чехияны жетектеп калат. Бийликке келгенче бир нече ирет камалып чыккан. Биринчисинде 1977-жылы мамлекеттик кызматкерге кол салганы үчүн айыпталган эле. Гавел абакта бир нече ай отурган, андан соң кылмыш ишин токтотушкан.
1979-жылы ал мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн кайра 4,5 жылга камалган. Натыйжада Гавел жалган жалаа менен дагы эки мөөнөттүк жаза алганы айтылат. Президент болуп шайлангандан жарым жыл мурун толук жазасын өтөп чыккан.
Катаал, ошол эле убакта калктын сүймөнчүгү болгон венесуэлалык лидер Уго Чавес 1992-жылдын башында президент Карлос Андрес Перести тактысынан кулатуу аракети үчүн түрмөгө түшкөн. Анын жашыруун кыймылы тарабынан уюштурулган аскердик төңкөрүш 18 кишинин өмүрүн алып, полковник Чавес бийликке багынып бергенче 60 киши жаракат алган.
Болочок президент эки жыл абакта отурган, кийин "Бешинчи республика үчүн кыймыл" деп аталган партиясын түзөт. Чавес өкмөттү күч менен кулатууга бекем ишенген. Бирок тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болуп, 1998-жылы президенттик шайлоого өз талапкерлигин коёт. Шайлоочулардын 56 пайыз добушуна ээ болуп, жыйынтыгында бийликке тынч жол менен келген. Элдин ишениминен тайбаган Чавес кийин үч жолу — 2000, 2006 жана 2012-жылдары президенттикке кайрадан шайланып келген.
Апартеид режимине каршы турган айтылуу күрөшчү Түштүк Африка Республикасынын президенти болгонго чейин 27 жыл абакта отурган.
Алгач ирет 1956-жылы камалган. Мандела жана Африкалык улуттук конгресстин 156 активисти мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган. Бирок Манделага тагылган айып төрт жылга созулган соттук процесстин жыйынтыгында алынган.
Көп өтпөй Мандела саботаж жана өкмөттү күч менен кулатууга аракет жасаган деген айып менен кайрадан абакка кирет. 1964-жылы ага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат.
Аны 1990-жылы, Түштүк Африка Республикасына жаңы башчы келгенде гана бошотушкан. Эркиндикке чыккандан төрт жылдан кийин Мандела президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалаган. 1993-жылы "апартеид режиминин аякташына тынч жол менен кошкон салымы жана Түштүк Африкада жаңы демократиянын негиздерин түптөгөнү үчүн" Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.
Садыр Жапаров туурасындагы кызыктуу фактылар менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен 100 пайызга санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.
Анда 2474 шайлоо участкасындагы бюллетендер автоматтык санактан да, кол түрүндө эсептөөдөн да толугу менен өткөнү жазылат. Бир шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.
Натыйжада Садыр Жапаров добуштардын 79,23 пайызына ээ болуп алдыга озуп чыккан. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,78 пайыз, үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев 2,36 пайыз менен турат.