Косметологиянын жардамы менен жашарса болобу? Адис катачылыктар тууралуу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАял косметология процедурасында. Архив
Аял косметология процедурасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис картаюуну алдын алуу үчүн эртерээк аракет кылуу керектигин айтып, 40 жашта эмес, 18 жаштан баштап косметологдон кеңеш алууну сунуштаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бьюти-медицинада кардарлар эң көп адашкан учурлар тууралуу Sputnik радиосуна косметолог Станислав Арканников тизмектеп берди. 

Анын айтымында, дарыгер-косметологдор кайрылгандарга процедура тууралуу маалыматты кенен жеткирбегени үчүн кесиптештерине сөз тиет.

"Косметологго барып тез эле жашарып кетем деген ой кулагыбызга сиңип калган. Косметология терапевттик адистик, терапияда дароо натыйжа болбойт. Ошондуктан терини жашартуу үчүн бир курстан өтүү жетишсиз. Муну кардарларга түшүндүрүү керек", — деген адис.

Ал, мындан тышкары, ботокс сайдыруу мээнин ишине зыянын тийгизет деген сөздү четке какты.

Дарыгер-клиникалык фармаколог, косметолог Перизат Салянова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Адис скульптуралык укалоонун артыкчылыгын айтып берди
"Ботокстун технологиясы неврологиядан келген. Ботулотоксин кайсы бир булчуңду шал кылып, бырышты кетирип турат. Анын косметологияда өзгөчөлүгү ушул эле", — деген Арканников.

Ошондой эле ал бетке сайыла турчу суюк импланттар өз алдынча жылып кетиши мүмкүн деген суроого жооп берген. Филлер препараты оозду, төштү чоңойтууда, беттин түзүлүшүн оңдоп, бырыштарды кетирүүдө колдонулат.

"Зыяны жок жана коопсуз гель териге сайылат. Аны менен бир нече убакытка чейин эстетикалык көйгөйлөр чечилет. Эгер түзүмү гелди териге сойлотпой турган гиалурон кислоталарынын негизинде жасалган филлерлер жөнүндө сөз болуп жатса, алар теринин ичине куюлат, мындан коркуунун кереги жок", — деген дарыгер.

Ошондой эле ал картаюуну алдын алуу үчүн эртерээк аракет кылуу керектигин айтып, 40 жашта эмес, 18 жаштан баштап косметологдон кеңеш алууну сунуштаган. Анткени жаш куракка байланыштуу айрым процедуралар майнаптуу болбой калат.

Андан тышкары, жакшы косметика арзан болбойт деген түшүнүктөн алыс болууга чакырып, боенгуч каражаттардын курамына көңүл бөлүүнү айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0