Бүгүн Сарпашев Финполго суракка келет

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын кабарлап, суракка чакырыларын айткан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев бүгүн кечкурун Финансы полициясына суракка келет. Бул туурасында аталган ведомстводогу маалымат булагы билдирди.

Эске салсак, Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын кабарлап, суракка чакырыларын айткан.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын ноябрь айында Финпол анын үйүн тинтүүгө алган.

Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн. Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0