Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды

© Sputnik / Владислав Сергиенко / Медиабанкка өтүүКөзөмөл пункту. Архив
Көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Каркыра" көзөмөл өткөрмө бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу өткөрмө пункту болуп саналат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 30-ноябрдан тарта, кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мындай чечим аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө жана жолдогу шарттын катаал болуп кеткенине байланыштуу чукул кырдаалдарды болтурбоо максатында кабыл алынган. Чектөө бүгүн саат 18:00дөн тарта күчүнө кирет.

"Кыргызстандын "Каркыра" жана Казакстан тараптан "Кеген" өткөрмө бекеттери 2021-жылдын 1-мартына чейин жабылат. Ал жерден жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсүнө чектөө коюлат", — деп айтылат маалыматта.

"Каркыра" көзөмөл өткөрмө бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу өткөрмө пункту болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0