Өзгөндө 3 млн. сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тиешелүү 1,5 гектар жер Өзгөн райондук соту аркылуу 2015-жылы Х.М. аттуу жарандын менчигине өтүп кеткен.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өзгөн райондук прокуратурасы 3 миллион 250 миң сомдук жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тиешелүү 1,5 гектар жер Өзгөн райондук соту аркылуу 2015-жылы Х.М. аттуу жарандын менчигине өтүп кеткен.

"Текшерүү маалында прокуратура аталган тилкенин баасы 3 миллион 250 миң сом экенин жана ал мыйзамсыз түрдө менчикке өткөрүлгөнүн аныктаган. Көзөмөл органы жогорку сот инстанциясына кайрылып, сот прокуратуранын пайдасына чечим чыгарып берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура аталган жер тилкесин Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0