Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүн Жогорку сот ал өкүмдү жокко чыгарды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин анын жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарган. Андыктан жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Жактоочу кийинки процедуралар туурасында Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечиминин акыркы бүтүмү боюнча кагазды колуна алгандан кийин гана так айтарын билдирди.

"Бул иш боюнча камакка алууну караган баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө колдонулган. Азыр өкүм жокко чыккандан кийин эми колдонулбай калды да. Андыктан Атамбаев коё берилиши керек", — деп түшүндүрдү жактоочу.

Юрист Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечими Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка келип түшкөндөн кийин Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн айтты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Атамбаевдин үч иши эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрүп берди
Слесарев Батукаевдин иши боюнча камакка алуу Атамбаевди 2019-жылдын августунда кармагандан кийинки биринчи чечим экендигин кошумчалады. Темир тордун ичине отургузуу боюнча мындай баш коргоо чарасы экинчи ирет Кой-Таштагы окуя боюнча кабыл алынып, бирок 6-октябрдын түнүндө элдик толкундоодон кийин аны үй камагына алмаштырышкан.

Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0