Чачтарачтын мыкты экенин кантип билсе болот. Адистин кеңеши

© Фото / Pixabay/ jackmac34Чач тарач иш учурунда. Архив
Чач тарач иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп сандаган дипломдор менен мактоо баракчалары чачтарачтын кесипкөй экенинен кабар бербейт. Андан көрө социалдык тармактагы баракчаларына көңүл буруңуз.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кесипкөй чачтарач менен өз ишин жакшы билбеген чачтарачты кантип айырмаласа болорун белгилүү стилист Игорь Хонинге таянып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымында, көп сандаган дипломдор менен мактоо баракчалары анын кесипкөй экенинен кабар бербейт.

"Андан көрө социалдык тармактагы баракчаларына көңүл буруңуз. Мисалы, Instagram баракчасы сапаттуу, кооз болсо, ал адам өзүнүн өнүгүүсүнө көп энергия, каражат жана эмгек жумшаганынын далили. Ошондой эле жакшы чачтарач кардарларына өтө кылдат мамиле кылып, кесиптик этиканы толугу менен карманат. Анткени ага ар бир кардар, анын пикири баалуу", — деди Хонин.

Аял косметология процедурасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Косметологиянын жардамы менен жашарса болобу? Адис катачылыктар тууралуу
Ал ошондой эле мыкты чачтарачтын колунан келбей турган иш жок экенин билдирди.

"Ишин сүйгөн чачтарач туура эмес кыркылган же боёлуп калган чачты сынга албайт, башка шылтоолорду дагы издебейт. Башкача айтканда, кандай болбосун сиз каалагандай чач жасалгасын жасап, сизге жаккан өңгө боёп берүүгө аракет кылат", — деди адис.

Сөзүнүн аягында Хонин ар бир чачтарач кардардын каалоосунан тышкары адис катары өз пикирин айтышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0