Бишкекте кинотеатр, компьютердик клубдар иштей баштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКинотеатр. Архив
Кинотеатр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштеп баштаган жайлар келген кардардын бет кап тагынып жүргөнүн көзөмөлгө алып, залдар 50 пайызга гана толушу керек.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ордо калаада бүгүндөн тарта кинотеатр, компьютердик клуб жана соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар иштеп баштады. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, муну менен катар ишкерлерге бир нече талап коюлган.

"Аталган жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылышы шарт. Ар бир кардардын бет кап тагынып жүргөнү көзөмөлгө алынып, аларды аралыкты сактап отургузуу зарыл. Ошондой эле залдар 50 пайызга гана толушу керек", — деди Чыныбаева.

Вице-мэр ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жайлар тез-тезден текшерилип турарын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0