КРдеги COVID: айыккандар, жуктургандар, оор абалдагылар. Статистика

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 800дөн ашуун бейтап COVID инфекциясынан улам ооруканада дарыланып, оор абалда жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 371 кишиден коронавирус аныкталып, 562 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору жуктургандын көбү Чүй жана Жалал-Абад облусунда катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек - 69;
  • Ош - 3;
  • Чүй облусу – 126;
  • Ош облусу - 11;
  • Талас облусу - 11;
  • Нарын облусу - 3;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 26.

Сакайгандар:

  • Бишкек – 114;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 99;
  • Ош облусу – 48;
  • Талас облусу – 47;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 50;
  • Жалал-Абад облусу – 109;
  • Баткен облусу – 68.

Стационарда бүгүнкүгө карата 2 636 адам дарыланып жатат.

Алардын абалы төмөнкүдөй:

  • 39 адам - канааттандырарлык абалда;
  • 1779 - орто оор абалда;
  • 694 - оор абалда;
  • 124 - өтө оор абалда.

Ал эми үйүндө 3 765 кыргызстандыктын коронавирус менен алпурушуп жатканы маалым болду.

Медицина кызматкерлери боюнча статистика кечээ 10 ак халатчандын оору жугузуп алгандыгын көрсөттү.

Алар төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 3;
  • Чүй облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу – 1.

Бир сутка ичинде ооруканадан 7 медик айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0