Санэпидем дарыгери: коронавирустун экинчи толкуну качан бүтөрү белгисиз

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19 Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев. Архив
 Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө бир сутканын ичинде 371 кишиден коронавирус табылып, 562 бейтап айыккан.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну бүтө элек, ал качан аягына чыгары белгисиз. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, экинчи толкун өлкөдө сентябрдын аяк ченинде башталган.

"Оорунун экинчи толкуну бүтө элек, бардык аймактарда жуктургандар катталууда. Саламаттык сактоо министрлиги илимий кызматкерлер менен кайсы айда канча адам жуктурганын карап, август-сентябрь айларындагы статистика менен салыштырып жатат. Оору өлкөдө октябрдын ортосунда күч алган. Азырынча биз экинчи толкун качан бүтөрүн айта албайбыз", — деди Кундашев.

Башкы дарыгер Бишкек шаарына аймактардан келип-кеткендер көп болгондуктан ордо калаада оору көбүрөөк аныкталып жатканын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө бир сутканын ичинде 371 кишиден коронавирус табылып, 562 бейтап айыккан. Тилекке каршы, коронавирус төрт адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0