Бишкекте мектептер бир шарт менен III чейректен тарта ачылары күтүлүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНачало учебного года для первоклассников в Бишкеке в период пандемии
Начало учебного года для первоклассников в Бишкеке в период пандемии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта борбор калаадагы жеке менчик мектептер 6-класска чейинки окуучуларды мектепте окутуп жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 14 жашка чейинки окуучулар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда борбор калаадагы мектептер III чейректен тарта штаттык режимде иштөөгө өтөт.

Ошондой эле Кундашев Бишкектеги жеке менчик мектептер учурда 6-класска чейинки балдарды мектепте окутуп жатканын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0