Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы

Жазылуу
Сүрөтчү Михаил Дудин бүгүн, 1-декабрда, түшкө маал ыш каптап турган борбор калааны асмандан тартып алган.

Бишкектин ирригация, жол, суу, жарык сыяктуу көйгөйлөрүнөн сырткары, булганган аба дагы элдин көкөйүн кести. 

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Михаил ДудинБишкектин кир абасы
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кир абасы

Айрым маалыматтарда белгилүү болгондой, ири шаарларда абанын кыш мезгилинде булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратат. Адистер кара түтүн өпкөдөн ылдый жайгашкан көк боор, ашказан, өт сыяктуу органдардын ишин бузарын айтышат.

Бишкектин жетекчилиги калааны каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатканын айтып, жарандардан таштанды жакпоону өтүнүп келет. Анткен менен кыш келери менен абанын булганганы Бишкек үчүн адаттагы көрүнүш болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0