20-ноябрда өкмөт Айыл чарба министрлигинин сунушу менен мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салган. Ага чейин асмандын башына чыгып жаткан малдын баасы дароо түшкөнү айтылды.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири делген мал базарларда ушул дем алышта жылкы, кой, уй канчадан сатылганын билди.
Бишкек шаарында бодо мал көп сатылбайт. Уй, жылкы алам дегендер адатта Сокулук же Токмок шаарларындагы мал базарларга барышат. Ордо калаада кой сатып иштеген Бактыбек Аралбековдун айтымында, шаарда мал кымбат эле.
"Азыр козулардын эң арзаны, арыгы 6500-7000 сом болуп жатат. Чоң койдун эң жакшысы 16-17 миң сомго чейин барат. Токту, боруктар болсо 8500-9000 сом, сойгонго ылайыктуу койду 10 000-10 500 сомго тапса болот", — деди Аралбеков.
Ишкердин айтымында, алармандардын саны бул жумада азая түшкөн.
"Бул эмес өткөн базардан баштап малдын баасы төмөндөй түшкөнүн байкадык. Ага чейин сойгонго ылайыктуу койлор 10 миңден түшпөй жаткан, эми 8000 сомдон тапса болот. Бодо мал болжол менен 5-10 миң сомго чейин арзан сатылды окшойт. 95 миң сомго берилип жаткан жылкылар 80-85 миңге түшүп калды. Букалар 50 миңден өйдө болсо, саан уйларды 65 миң сомго тапса болот", — деди Кожониязов.
Жети-Өгүз районунун тургундары Караколдогу мал базарда деле ушундай көрүнүш дейт. Тургунбек Мамбетовдун айтымында, малдын наркы 10-15 миң сомго дароо төмөндөгөн.
Талас менен Чүйдө мал анча арзандаган жок дейт жергиликтүү тургундар. Чоң-Кемин районуна караштуу Калмак-Ашуу айылынын жашоочусу Максат Жаналиев өткөн дем алышта Токмоктун мал базарында жылкылар 80 миңден өйдө бааланганын айтты.
"Чарба уйлары 50-60 миң сом болуп жатат. Негизи эле көбүнчө бизде уй жакшы өтөт. Ириктер 11-12 миң сом, ал эми сойгонго ылайыктуу койду 12 миң сомго алса болот. Андан арзандары деле бар, бирок алар арыгыраак же кичирээк болуп калат. Жалпы жонунан мал 2000-3000 сомго арзандады", — деди Жаналиев.
Ош менен Жалал-Абадда жылкылардын баасы окшош эле экен. Аларды 80-85 миң сомдун айланасында алса болот. Бирок койдун баасында айырма бар. Жалал-Абадда семиз койлор 13 миң сомго чейин чыккан. Ал эми Ошто 10 миң сомго тапса болот. Баткенде жылкы 80 миң, чарба уйлары 70 миңдин тегерегинде сатылып жатканын жергиликтүү кабарчылар билдиришти.
Жылкынын баасы башка аймактарга салыштырмалуу Таласта кымбат экен. Кара-Буура районунун жашоочусу Токтобек Жапаркулов Таласта 250 кишиге ылайыктуу жылкылар 90 миң сомдон түшпөй жатканын белгиледи. Уйлар 70 миң сомго чейин болсо, койлорду 10 миң сомдон өйдө сатып алса болот.Мал арзандаганы менен Бишкек шаарында эттин баасы түшө элек. Көбүнчө уй эти көп өтөт. Акыркы маалымат боюнча, уй этинин бир килограммы калаада 450 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Ал эми аймактарда 360-380 сомдон бааланып жатканы белгилүү болду.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.
Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.