Бишкекте азык-түлүктүн баасын арзандатуу үчүн жарманкелер ачылат

Жазылуу
Новиковдун айтымында, социалдык маанилүү товарлардын кескин кымбаттап кетиши тургундарды бир топ ыңгайсыз абалга кептеп жатат. Андыктан тез арада абалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүшү керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди кабыл алып, ага калаанын ар бир районунда айыл чарба азыктары сатылчу жарманке ачуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Новиковдун айтымында, социалдык маанилүү товарлардын кескин кымбаттап кетиши тургундарды бир топ ыңгайсыз абалга кептеп жатат. Андыктан тез арада абалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүшү керек.

"Бул үчүн бир жуманын ичинде Бишкектин ар кайсы жерлерине фермерлердин, даяр азык-түлүк өндүргөн ишкерлердин жана ири импортерлордун товарлары сатылган жарманкелер ачылышы керек. Фермерлер менен ишкерлер жарманкеде өз товарларын үстүнө көп акча кошпой, дүң баа менен берүүгө даяр. Ири соода борборлору жарманке үчүн өздөрүнүн аймагынан орун берүүгө макулдугун беришкен", — деди Новиков.

Ал эми Түлөбаев мындай жарманкелерге даярдык жүрүп жатканын жана ага катышууга 200дөй өндүрүүчү макул болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0