Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат

© REUTERS / LEONHARD FOEGERСитуация в Австрии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Австрии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 74 миңге жакындап бара жатат. Анын тең жарымы айыкты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 335 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алды, ошондой эле 478 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 84;
  • Ош — 28;
  • Чүй облусу — 107;
  • Ош облусу — 35;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 15;
  • Ысык-Көл облусу — 25;
  • Жалал-Абад облусу — 17;
  • Баткен облусу — 22.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандар 73 513кө жетти.

Акыркы суткада оорудан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек — 113;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй облусу — 100;
  • Ош облусу — 56;
  • Талас облусу — 18;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 64;
  • Жалал-Абад облусу — 66;
  • Баткен облусу — 47.

Жугуштуу ооруну жеңгендердин жалпы саны 65 189га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0