Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек — Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

Жазылуу
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0