БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Тез жардам станциясы жабдылбай калганы боюнча маселеге көңүлүн бурду.
Анын айтымында, маселе айлык акыга гана байланыштуу эмес.
"Тез жардам станциясынын жабдылбай калганынын себеби эмнеде? Жеке пикиримде, анын себеби айлык акыга гана байланыштуу эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү башкарса, жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тийиш", — деди ал.
Белгилей кетсек, Тез жардам станциясынын жетекчиси Искендер Шаяхметов болсо, анын жубайы Бактыгүл Исмаилова Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенет.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.