БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.
Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин дал ушундай факты менен Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев жана аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев камалган.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.