Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам дарыгерлери. Архив
Тез жардам дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде өлкөдө 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын бирөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 420 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 400 бейтап ооруну жеңип, айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургундар:

  • Бишкек – 179;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 112;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу – 28.

Айыккандар:

  • Бишкек – 99;
  • Ош шаары – 55;
  • Чүй облусу – 86;
  • Ош облусу – 21;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 12;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 73 933кө жетип, 65 589 бейтап айыкты. Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, каза тапкандардын жалпы саны 1 281ге жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын бирөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

Коронавирус жуктурган медиктер:

  • Бишкек шаары – 6;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2 (кызыл зонадан 1).

Ошол эле учурда стационардан 9, үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0