Жогорку Кеңеште Ош МУга Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу сунушталды

© Фото / пресс-служба ОшГУМурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков. Архив
Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген. Бир жылдай билим берүү министри болуп иштеди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ош мамлекеттик университетине маркум Каныбек Исаковдун ысымын ыйгарууну сунуштады.

Эл өкүлү жакында эле кыргыз билим берүү системасынын реформатору, чыгаан агартуучу, мыкты педагог, он миңдеген жаштардын сүйүктүүү агайы, мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков түбөлүк жайга узаганын белгиледи. Ал ректор болуп турган маалында ОшМУну аз убакыттын ичинде жаңы деңгээлге чыгарып, Борбор Азиядагы эң мыкты окуу жайлардын катарына кошконун айтып өттү.

"Каныбек Исаков жаратман жетекчи катары ОшМУну заманбап окуу жай катары таанытып, чоң өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы факультет, адистиктерди ачты, университеттин инфраструктурасын абдан мыкты деңгээлге чыгарды. Аз убакытта 14 жаңы имарат курду, эки медициналык клиника, бир чоң студенттик жатакана салдырды. Каныбек агайдын жаратмандык ишине бул жердеги депутаттар дагы баа берип келишкен. Чыгаан агартуучу Каныбек Исаковдун эмгегин баалап, атын түбөлүккө калтырып, келечек муунга үлгү болушу үчүн Ош мамлекеттик университетине ысымын ыйгарууну демилгелейм", — деди Акаев.

Ошондой эле ал бул демилгени колго алып азыртан камылга көрүүнү сурап өкмөт өкүлүнө, Билим берүү министрлигине жана ОшМУнун жетекчилигине кайрылды.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог
Депутат ОшМУга Чехия, Испания, Кытай Түркия, Корея, Индиядан студенттер келип билим алып, аталган жай илимий очокко айлана баштаганын кошумчалады.

Каныбек Исаков 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген.

Былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.

Ушул жылдын 12-ноябрында оорудан улам 51 жашында дүйнө салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0