Депутат министр Токтогазиевдин бет капчан мал базар кыдырганын сынга алды

© Sputnik / Михаил ДудинАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин жыйынында тирүү малдын сатылышына коюлган чектөөгө бир нече депутат каршылыгын билдирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин ишин сынга алды.

Ал тирүү малды үчүнчү өлкөгө чыгарууга тыюу салынышына каршы экенин билдирип, министрге суроо узатты. Төмөндө экөөнүн диалогу сунушталат.

— Мал базарга бет кап тагынып жашынып бардым деп айтыпсыз, ошол туурабы?

— Баасын билиш керек да...

— Андай туура эмес. Андан көрө "мен баратам" деп айтып коюп, чыкыйып костюм-шым кийип алып, эл менен жолугуп кел. Ат-Башыга барып келчи, эмне деген сөз угат экенсиң.

— Жок, андан кийин бет капты чечип барып дагы эл менен сүйлөштүм.

— Чечпей эле бар түз эле.

Токтогазиев жылмайып гана тим болду.

Ал эми Нурдинов эгер депутаттардын укугуна кирсе, ушул тыюу салган мыйзамды добуш берүү менен жокко чыгарып салууну сунуштады.

Вице-спикер Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сөз талашпаңыз! Вице-спикер Бакиров министр Токтогазиевди какты
Вице-спикер Мирлан Бакиров ал мыйзам эмес токтом экенин айтып, бул боюнча өкмөткө сунуш берсе болорун түшүндүрдү.

Жыйында тирүү малдын сатылышына коюлган чектөөгө башка дагы бир нече депутат каршылыгын билдирди.

Токтогазиев аларга жооп берип жатып этти экспорттосо болорун белгилеп, азыр аны сөгүп жаткандар бир жылдан кийин рахмат айтып келерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0