Неберемди өзүм багып алам! Өгөй атасы сабаган бөбөктүн таенеси менен маек

© AFP / FRANCK FIFEНаристенин колун кармап турган кары аял. Архив
Наристенин колун кармап  турган кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги өгөй атасынын колунан запкы жеген жеткинчектин таенеси Мухара эже менен байланышып, окуянын чоо-жайын, небересинин ал-абалын сурады.

Буга чейин Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан алты жаштагы баланын сабалганы боюнча маалымат соцтармактарга тарап, кийин аны милиция тактаган.

Жеткинчектин денеси көгала болуп, бети шишип, көзүнө кан уюган. Таякталган баланын сүрөтү дагы жарыяланган.

Кийинчерээк бөбөктү сабады деген өгөй атасы милицияга жеткирилип, апасы кош бойлуу экени маалым болгон. Бирок көп өтпөй баланын энеси тосмо арыз жазып берип, сот күйөөсүнө эки айга чейин өлкөдөн чыгарбоо деген чечим чыгарган.

Бул окуя боюнча кечээ айрым ЖМКлар сабалган баланын энеси уулунан баш тартты деген маалымат таратты. Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аны төгүндөп, апасы баласын таенесине убактылуу гана багып турууга бергенин билдирген.

Азыркы тапта кордук көргөн жеткинчек Ат-Башыда таенесинин колунда. Буга байланыштуу баланын азыркы абалын сураганча, окуянын чоо-жайын тактап Sputnik Кыргызстан агенттиги бөбөктүн таенеси Мухара эже менен байланышты.

— Небереңиз азыр сиздин колдо турбайбы. Абалы жакшыбы?

— Жакшы болуп калды. Невропатологдор келип көрүп, дарысын жазып берип кетишти. Психологдор да иштешип жатат. Бетинде кичине эле тактары калды, бирок түн ичинде чочуп ойгончу болду. Катуу коркуп калган окшойт...

— Жактоочу кызыңыздын уулунан баш тартып койгонун ЖМКларга айтыптыр. Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аны төгүндөп, сизге убактылуу карап турууга гана берген деп жатышат...

Көмүр шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө төрт жакынынан ажыраган бүлө, бычакталган өгөй уул. Октябрдагы өкүмдөр
— Эми баш тарткан деле жок, бирок баланы мен багып алайын деп жатам. Кечээ кызым чалып "интернетте энеси уулунан баш тартыптыр деп жазып жатышат, мен баш тарткан эмесмин да, эмнеге мындай жаздырып жатасыз" деп айтты. Мен деле интернетти ачып окуй элек болчумун. Кызым азыр кош бойлуу болуп, бүгүн-эртең төрөйм деп турган убагы. Ошол себептен бала менин жанымда. Азыр соцкызматкерлер жөлөк пулун чегерип жатышат. Баланы өзүм турган үйгө, Ат-Башыга каттоого тургуздум.

— Бала сиздин колдо чоңойду беле?

— Ооба. Кызым биринчи жолдошу менен ажырашканда беш айлык боюнда бар болчу. Көзгө басар жалгыз кызым. Башка балдарым жок болгондуктан, медер кылып алайын деп неберемди аман-эсен төрөлүшүн күттүм. Кызым Ат-Башыдан көз жарды, неберемди өзүм төрөтүп, атын жакшынакай азан чакыртып койдум. Ошондон бери менин жанымда болчу.

— Анан кандай болуп өгөй атасынын колуна барып калды?

— Неберем төрөлүп, торолуп, эмчектен чыккандан кийин кызым Түркияга иштегени кетти. Ал арада неберем менин колумда болду. Кызым экөөбүз акча чогултуп Ат-Башыдан небереме деп үй алдык. Азыр ошол үйдө турабыз. Кийин кызым экинчи ирет турмушка чыкты. Боюна бүтүп, ичи чоңоюп калгандан кийин "ичимдеги балам экөө чогуу чоңойсун" деп неберемди алып кетип калышты. Баланы жайында алып кетишкен. Ортодон Токмокко барып, андан жайлоого чыгышып, кайра Ат-Башыга келишкен. "Ушул үйгө жашагыла" десем болбой бир ай мурда шаарга кетип калышкан. Бала мага мыйзамдуу түрдө жазылбагандан кийин баш ийип, айла жоктон бергем. Анан минтип бир айга жетпей бул окуя болуп кетпедиби...

— Демек, бала сизге көнүп калган турбайбы.

— "Апалап" жаныман чыкпайт. Кичинесинен жанында болуп экөөбүз тең бири-бирибизге көнүп алыптырбыз. Азыр ата-энесине таарынгансып "мамам, папам экөө тең Ат-Башыга келбей эле койсун" деп жатат. Баары бир психологиялык сокку болду да.

— Небереңиздин сабалган сүрөтү дароо соцтармакка тараптыр. Окуя тууралуу сиз кайдан уктуңуз?

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
— Неберемдин сабалганын келинимен уктум. Анда да үч күндөн кийин айтып жатышпайбы. Сабалган сүрөтүн интернеттен андан кийин көрдүм. Улам көргөн сайын жүрөгүм ооручу болду. Айрымдар аны улам бөлүшүп жатат. Бул мага да, кызыма да оор тийүүдө. Ошол себептен интернетте отургандардан, коомчулуктан ушул сүрөттү жарыялап, бөлүшпөй эле койгулачы деп суранып кетет элем. Андан көрө баланы сабаган күйөө баламдын сүрөтүн жайылткыла!

— Күйөө балаңыз тууралуу да сурагым келип жатат. Кандай адам эле, буга чейин мындай учурлар катталган эмес беле?

— Күйөө баламды укмуш жакшы билем деп айта албайм. Саналуу жолу эле көрүп, сүйлөштүм. Өзүнүн айтымында, баланы урганда мас экен. "Көзүмө бир нерселер көрүнүп, эмне болуп уруп салганымды билбейм" деп отурат.

Бул окуя көз ачып-жумганча, кызым суу алып келгенче болуп жатпайбы. Келсе эле неберем көгала болуп жатыптыр. Кош бойлуу неме баланы жылаңайлак жетелеп алып бөлөлөрүнүн үйүнө барыптыр. Ошондо кызым ачуусу менен "соттолсун" деген. Кийин тосмо арыз жазды.

— Эмнеге кайра тосмо арыз жазды?

— Эми тосмо арызды өз каалоосу менен жазды. Калганын өздөрү чечишип алышат го.

— Бала эми сизде калабы? Мындан кийинки кадамдарыңар кандай?

Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу - Sputnik Кыргызстан
Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу
— Кызыма "неберемди мага бер" деп жатам. Рамазан аларга көнмөк тургай, экинчи атасын көргүсү келбей жатат, коркуп калган. Баланы өзүм багып-чоңойтуп алам, үйлөнтүп-жайлантам. Бирок кызым "баладан баш тарта албайм, баш тарткан да жокмун. Андай болсо мыйзамдуу жол менен багып алыңыз" деп жатат. Аман-эсен көз жарып алгандан кийин Ат-Башыга келет. Каттоосу да бул жакта. Андан кийин документтерин толуктап, бүтүрүп неберемди мыйзамдуу түрдө өзүмө каттатып алайын деген оюм бар.

— Баланы өзүңүз жалгыз багып кете аласызбы?

— Азыр 44 эле жаштамын. Неберем көзгө басарым, аны бакчага бербесем да үйдөн орус, англис тилдерин үйрөттүм. Азыр тамганын баарын тааныйт. Өзүм 22 жыл Бишкекте соода-сатык кылып иштедим. Айылда болсо курут жасай калып сатып, кол өнөрчүлүк кылып, жер төшөк жасап, буюртма алып, айтор, жаным тынбайт. Неберемди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып алам.

— Бул окуя көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту. Жардам берем дегендер да чыкты. Кандайдыр бир муктаждыктарыңар болсо ачык айтып алсаңыз болот.

— Буга чейин жакшынакай эле оокатыбызды кылганбыз, эми да кыла бермекчимин. Неберемди сонун эле багып алам. Азыр дарыларына эле бир аз тыйын керек болуп жатат. Жөлөк пулун чыгартып баламды окутуп алсам, экөөбүз жашообузду жакшынакай кыла беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0