ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун атасы дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Улан Ниязбеков
Ички иштер министри Улан Ниязбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин атасы кийинки жылы январда 69 жашка толмок. Анын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атасы Омокон Ниязбеков каза тапты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МВД КРОмокан Ниязбеков
ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун атасы дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
Омокан Ниязбеков
"ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы министр Улан Ниязбековго атасы Омокан Ниязбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат. Жакын адамыңды жоготуу — оор сыноо. Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Омокан Ниязбеков кийинки жылы январда 69 жашка толмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0