"Манас" бар — элибиз бар! Талант Мамытов кыргызстандыктарды куттуктады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИсполняющий обязанности президента КР, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов
Исполняющий обязанности президента КР, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кыргыз элинин намысын ойготуп, биримдикке чакырган "Манас" эпосу тарыхта жалпы журтка кыйын күндөрү тирек болуп келгенин айтып өттү.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады.

Ал улутубуздун улуулугу тили менен маданиятында экенин айтып, ал эми кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу "Манас" эпосунда турганын белгилеген.

"Урматтуу мекендештер! Сиздерди улуттук сыймыгыбыз болгон "Манас" эпосунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Дүйнө эли баасын берип, эпосубузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын шедеври катары тааныды. Демек, бүтүндөй бир улуттун ким экендигин аныктап, муундан-муунга өтүп келген мурасыбызга өтө астейдил мамиле жасоо — ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы", — деп кайрылган Мамытов.

Известный манасчи Доолот Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум
Ошондой эле ал кыргыз элинин намысын ойготуп, биримдикке чакырган "Манас" эпосу тарыхта жалпы журтка кыйын күндөрү тирек болуп, элдин эбегейсиз зор энчисине айланганын билдирди.

"Манас" — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары — даанышман окумуштуулар калтырган таберик мурасты аздектеп, ага таазим кылабыз. "Манас" эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого, келечек муунга жеткирүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. Эпоско аяр мамиле жасоо Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө чоң түрткү берип келет. "Манас" бар - элибиз бар!" — деп сөзүн жыйынтыктады Мамытов.

Белгилей кетсек, 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Бул өзгөчө тарыхый күн катары бааланып, "Манас" эпосунун күнү деп аталып, майрамга айланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0