БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Соңку бир күндүн аралыгында өлкөдө COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдар Чүй, Ысык-Көл, Ош облустары жана Бишкек шаарында дарыланып жаткан.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан ажал тапкандардын саны 1 285 кишиге жетти.
Ал эми азыркы тапта оору жуктуруп алган 2 635 бейтап ооруканада жатат.
Алардын ичинен:
- Канааттандырарлык абалда — 28 адам;
- Орточо оор абалда — 1 819;
- Оор абалда — 668;
- Өтө оор абалда — 120.
Мындан сырткары, 3 528 бейтап үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө дарыланууда.