Бишкекте 7-декабрдан тарта 12 миң абоненттин электр кубаты өчүрүлөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЗамена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока
Замена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы электр кубаты үчүн карыз болгон абоненттердин жарымына жакыны көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары экендиги айтылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Үч күндөн кийин электр кубатына карызын төлөбөгөн Бишкек шаарындагы 12 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Аталган компания борбор калаадагы көп кабаттуу үйдө жашагандарга карызын эртелеп төлөөнү эскертти. Маалыматка караганда, алар карызкорлордун жарымына жакынын түзөт.

Маалыматта алар электр кубатын колдонуучулардын төлөмү өз учурунда жасалбаса, аралыктан туруп эле өчүрүлөрү айтылган.

"Сиздердин ыңгайлуулук үчүн бөлүштүрүү компанияларынын https://se.kg сайтында "Абонеттин балансы" рубрикасы бар. Ал жерден канча сарптаганыңызды билип алууга болот. Мындан сырткары, "Түндүк электрдин" күнү-түнү иштеген 1209 номеринен жана 0551 001209 WhatsApp мессенджеринен тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде кандайдыр бир себептер менен үйүңүзгө эсептин квитанциясын алып келбесе, сайт аркылуу канча карызыңыз бар экенин биле аласыз", — деп айтылган маалыматта.

Ишкана карыздарды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк" терминалдары, андан сырткары, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк, "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы", "Кыргыз почтасынын" кассаларынан төлөөгө болорун кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0