Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 кишинин тизмеси жарыяланбайт. Расмий жооп

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча премьер-министра КР Садыра Жапарова с генеральным секретарем ССТГ Багдадом Амреевым
Встреча премьер-министра КР Садыра Жапарова с генеральным секретарем ССТГ Багдадом Амреевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган. Кийин ал адамдардын тизмесин жарыялоо талабы коюлган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Эмне себептен ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ырайым алган 230 соттолуучунун тизмеси жарыяланган эмес? Бул суроого КР президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева түшүндүрмө берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКР президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева
Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 кишинин тизмеси жарыяланбайт. Расмий жооп - Sputnik Кыргызстан
КР президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Садыр Жапаров кимге ырайым кылды? 230 соттолуучунун бошотулушу" аттуу брифингге катышты.

"Бул жашыруун маалымат. Бирөөлөр тууралуу жеке маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Жарлык өзү президенттин сайтына жарыяланат", — деди ал.

Ошондой эле Бондарева мыйзам боюнча президент кайсы гана соттолуучу болбосун, ага ырайым берүүгө укуктуу экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган. Кийин ал адамдардын тизмесин жарыялоо талабы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0