ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача биометрических паспортов гражданам КР
Выдача биометрических паспортов гражданам КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр Каттоо кызматы, Соцфонд, Салык кызматы же банктарга барсаң, дароо ПИН сурашат. Аны текшерте келгенде бир эле адамдын эки-үч номер чыгып калышы толук ыктымал.

Эмне себептен бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калат, аны оңдотууга канча убакыт кетет, дегеле ПИН (Персоналдык идентификациялык номер) деген эмне экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов айтып берди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Бул номерде ар бир жарандын жекече маалыматы камтылган. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди ала алат.

ПИН кайсы учурда керек болот?

Персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматына, Салык кызматына, Соцфондго жана банктарга барганда керек болот. Кайрылган адамдын аты-жөнүн сураганда андайдан төрт-бешөө чыгып калышы ыктымал. Ал эми мыйзам боюнча ПИН бир адамда бирөө гана болушу шарт. Ошол себептен жеке номерин сурап, андан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурлар катталууда. Себеби эмнеде?

Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган.

Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган.

Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ алкагында жеке жана юридикалык тараптарга бирдиктүү каттоо системасы киргизилет
Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен.

ПИН берүү функциясын Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган.

Себеби паспорт жана башка документ алууда биринчи кезекте ПИНи такталат. Ал аркылуу ошол жарандын маалымат базасы текшерилет. Бир нече ирет берилип кеткен ПИНдерди оңдоп, текшерүү үчүн кызматтын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Мыйзам боюнча бир адамда бир эле персоналдык идентификациялык номери болушу шарт. Ошол себептен атайын комиссия анын баарын тактоодо.

Эгер эки же андан көп ПИН бар болсо, ал канча убакытта оңдолот?

ПИНди текшере турган комиссия жумуштун баарын жабык эшик артында жасайт. Себеби алар ар бир адамдын жеке маалыматын бирден текшерип чыгышат. Алсак, айрымдарынын туулган жери же жылы туура эмес жазылып калган болот. Же болбосо туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорттогу маалыматтар дал келбей калат. Комиссия мунун баарын текшерип чыкканга чейин 10 күн керектелет.

Комиссиянын курамында сегиз гана киши иштейт. Ал эми идентификациялык номер боюнча мамлекеттик каттоо кызматына күнүнө 400-500 арыз келип түшөт. Буга чейин комиссияда беш гана адам иштечү. Бирок жумуш көбөйгөндүктөн дагы үчөө кошулган. Арыз көп, киши аз болгондуктан да ПИНди берүү мөөнөтү узарып кетүүдө.

Негизи 10 күндүн ичинде такталган ПИН берилиши шарт. Азыркы тапта комиссияда 4 800 туура эмес ПИН турат.

Эгер андан көп убакыт өтүп кетсе эмне кылуу керек?

ПИНди оңдоо бир айга чейин созулуп кеткен фактылар катталган. Адатта эскирип, жазуусу өчүп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү текшерүүгө көбүрөөк убакыт кетип калат. Ошол себептен эки жумадан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Бирок 10 күндүн ичинде бүтүрүүгө аракет кылышат. Кокус ал убакытта номер колго тийбей калса, жарандар Каттоо кызматынын 62 41 40 ишеним телефонуна чалса болот. Бүгүнкү күндө 200 000 ашык ПИН өзгөртүлүп, оңдолду.

ПИНди текшертүү үчүн кайда кайрылуу керек?

Бала бакча тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарга ПИНди кайдан, кантип алса болот? Жол-жобосу
Персоналдык идентификациялык номерди текшертүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу керек. Кокус эки же үч ПИН чыгып калып же аты-жөнү боюнча ката кездешсе, жаран ошол жерден арыз жазат.

Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет өлкөдөгү тийиштүү мекемелерде ишке ашырылат.

Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.

ПИН алуу үчүн кандай документ керек? (18 жашка толгондорго)

Бекитилген форма боюнча арыз;

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;

Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.

Жаңылыктар түрмөгү
0