БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:
Айыккандар:
Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда Веллингтон шаарынын тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Бул тууралуу "National Geographic Россия" кабарлады.
Ага ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген. Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталган.
New post (Colorado Chicken's Owner Spends $10,000 on Life-Saving Heart Surgery for Bird 'Soulmate') has been published on FUNDSWIFT - https://t.co/HCiIgEQiBZ pic.twitter.com/atQNt1DDr2
— FundSwift (@fundswift) January 20, 2021
Ветеринарлардын көрсөтмөсүн укканда Селена Нотнагель тоогу жок жашай албай турганын айткан.
"Ал менин жанымдын бир бөлүгү. Күйөөмө "эгер Блю жакшы болбосо, анда чуңкурду экөөбүздү ылайыктап каз" деп айттым. Мен ал жок кантип жашаарымды билбейм", — деген Нотнагель.
Канаттууга адистер операция жасаган. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келген. Аны дарылатууга 10 миң долларга чукул каражат сарпталганы маалым болду.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.
Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.
Кырсык 23-январда таңкы саат алтыларда Балбай айылынын жанынан болгондугу маалымдалды.
Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.
"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.
Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.