Кытай жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. "Торугарт" менен "Эркеч-Тамдагы" абал

© Пресс-служба правительства КРРабочий визит первого вице-премьера Артема Новикова в Нарынскую область
Рабочий визит первого вице-премьера Артема Новикова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусундагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, жүк өткөрүү боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чек арадан товарлардын автоматташтырылган эсеп системасы аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерин азайтат. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Нарын облусундагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди.

Анын айтымында, соңку айларда кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча бир канча сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Жакын арада "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барары макулдашылды. Мындан тышкары, кампа инфраструктурасын, товарларды жүктөө үчүн атайын крандарды орнотуу маселеси чечилди. "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча абал бир аз башкача, процесстер түшүнүү менен кабыл алынууда", — деген аткаминер.

Новиков эки көзөмөл-өткөрүү пунктунда санитардык талаптарды тыкыр аткаруу менен кадимки режимде иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн. Ошондой эле товарларды ташуу боюнча бирдиктүү алгоритм түзүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0