Өлкөнүн кайсы аймагында аялдар контрацептивдик каражаттарды көп колдонот

© AFP / ALFREDO ESTRELLAНезаконные аборты в Мехико
Незаконные аборты в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети эскерткендей, бул каражаттарды колдонуу балдардын төрөлүүсүн пландаганга мүмкүндүк берет жана аялдын ден соолугуна зыян келтирген аборттон сактайт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө аялдар бойго бүтүрбөй турчу каражаттарды көбүрөөк колдонушат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Анда контрацептивдик каражаттарды 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын 60,7 пайызы пайдаланары жазылган.

Облус боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Ысык-Көл облусу — 74,9 (мындан ары пайыз менен);
  • Талас облусу — 73,6;
  • Ош шаары — 66,1;
  • Чүй — 63,2;
  • Нарын — 62,2;
  • Бишкек — 62,2;
  • Ош — 59,2;
  • Баткен — 58,7;
  • Жалал-Абад — 49,6.

Улуттук статистика комитети эскерткендей, контрацепция балдардын төрөлүүсүн пландаганга мүмкүндүк берет жана аялдын ден соолугуна зыян келтирген аборттон сактайт. Ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан коргойт.

Маалыматтар былтыркы жылга карата берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0