БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 6-декабрь күнү эртең менен Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары тастыктады.
Маалыматка караганда, ага буга чейин эки ирет операция жасалып, ооруканада болчу.
Советтер Союзунун спорт чебери, Кыргызстандын он жолку чемпиону Бекболотов өлкөнүн бокс боюнча курама командасына 2009-2017-жылдар аралыгында башкы машыктыруучу болгон.
Ал өмүрүн толугу менен бокска арнап, көптөгөн Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн, Олимпиадалык турнирлердин катышуучуларын даярдаган.