Художник Азизбек Сулайманов

Эмгектери Лондондун галереяларында турат. Художник Сулайманов менен маек

701
(жаңыланган 18:30 06.12.2020)
Художник Азизбек Сулайманов сүрөт искусствосунун классикалык үлгүсү живопись жанрында эмгектенип келет. Эл аралык, жергиликтүү көргөзмөлөрдө бир топ сыйлыктардын ээси болгон. Анын картиналарына көбүнчө чет элдик искусство сүйүүчүлөр, ири арт-галереялар кызыгат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кыл калем чебери, сүрөттөрүн европалыктар буюртма аркылуу алдырткан Азизбек Сулайманов менен маектешти.

— Сүрөт өнөрүнө канча жашыңызда жана кандайча аралашып калдыңыз эле?

— Мен негизи Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында жайгашкан Найман деген кыргыз айылынан болом. Үйүмдөгүлөр кичинемден эле талантымды байкашып, 1998-жылы 6-классымда Ноокаттагы сүрөт интернатына алып келип, ошол жакта окуп калгам. Интернат Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы Сүрөт академиясына таандык. Аны бүткөндөн кийин академияга тапшырып, окууну 2010-жылы аяктадым. Ошондон бери эле сүрөт тартып келе жатам.

Кыргызстанский художник Азизбек Сулайманов
© Фото / из личного архива Азизбека Сулайманова
Азизбек Сулайманов: Сүрөт өнөрүндө деле бүгүн муну, эртең тигини тартайын дей албайсың. Илхам улам келе берет.

— Азыр үй-бүлөңүз менен Бишкекте турасызбы?

— Мен 1998-жылдан бери эле Кыргызстандамын, жарандыгым бар. Ал эми ата-энем азыр да Өзбекстанда жашайт.

— Кайсы тематикада көп тартасыз?

— Көбүнчө май боёк менен тартам. Эки жылдан бери эмнегедир гүлдөрдү, айрыкча розаларды көп тартып жатам. Бир жолу огороддо өсүп турган розалардын бирин алып келип, стаканга салып май боёк менен сүрөткө түшүрдүм. Аны Facebook, Instagram баракчама жүктөп койсом, эл абдан жакшы кабыл алды. Алгач, ак роза, кийин улам элестетип кызыл-тазыл гүлдөрдү тарта баштадым. Сүрөт өнөрүндө деле бүгүн муну тартайын, эртең тигини дей албайсың. Улам илхам келе берет. Ар кандай тематикада тарта берем, бирок жан дүйнөңө жараша болот.

Картина кыргызстанского художника Азизбека Сулайманова
© Фото / Азизбек Сулайманов
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети. 2018-жыл

— Укканым боюнча сиздин сүрөттөрүңүзгө европалыктар көп кызыгышат экен?

— Негизи биздин өлкөдө көп деле сүрөт алышпайт го (күлүп). Европа өлкөлөрүнөн, Лондон, Америка, Кытай жана Россиядагы галереядагы арт-дилерлер буюртма менен сүрөттөрүмдү алдыртышат.

— Чет мамлекеттик кайсы галереяларга алышат?

— Мен билгенден Санкт-Петербургдагы "Галерея Кузнецова", "Мир искусство", "Мансарда художников" галереяларында, ошондой эле Лондондогу Buckingham Fine Art жана Fizzgallery жайларында сүрөттөрүм бар. Калгандарын так деле билбейм. Негизинен арт-дилерлер сатып алып кетишет. Кайсы галереяга экенин көбүнчө сурабайм деле.

Кыргызстанский художник Азизбек Сулайманов
© Фото / из личного архива Азизбека Сулайманова
Азизбек Сулаймановдун картиналарын Лондон, Америка, Кытай жана Россиядагы галереядагы арт-дилерлер буюртма менен алдырышат.

— Сүрөт көргөзмөлөрүндө да баш байгени багынткан учурларыңызды угуп жүрөбүз...

— Жергиликтүү жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө 2005-жылдан бери катышып келе жатам. Сүрөт академиясынын көргөзмөсү жыл сайын болот. Ал Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп турат. Ооба, 2-курста окуп жүргөндө аталган көргөзмөдө алгач баш байге алгам. Кийин Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара да байгелүү болдум. Булар эми алгачкы ийгиликтер. Андан бери көп эле иш-чараларга катышабыз. Эл аралык көргөзмөлөр да көп болот. Былтыр Кипрде симпозиумда болуп келдик. Шанхайда көргөзмөбүз ачылды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ийгиликтер болуп жатат.

— Биздин жарандар көбүбүз сүрөт өнөрүнө, искусствого маани деле бербейбиз. Мүмкүн баалабайттырбыз?

— Ооба, чынын айтканда ошондой. Кээде жакын эле адамдар же жакшы тааныштар көчөдөн жолугуп калып "Азиз, ушул ишиңди таштап эле олуттуураак иш менен алектенбейсиңби. Качанкыга чейин сүрөт тартып эле жүрө бересиң? деп айтканга чейин барышат. Алар искусство канчалык олуттуу экенин билишпейт. Бул тууралуу аларга түшүндүрүп деле кажети жок болсо керек. Сүрөт галереясына дээрлик бир да жолу барбагандар деле кезигет эмеспи. Негизи сүрөттү түшүнүүдө ашыкча билимдин деле кереги жок. Ар ким жан дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Кээ бирлер сүрөттү карап туруп андан өзүнө жакын бир нерсени, ойду таап алышат. Ошол боюнча кабыл алат.

Картина кыргызстанского художника Азизбека Сулайманова
© Фото
"Эне". 2014-жыл

— Ошондо бизде маданий эс алуу кинотеатр менен чектелип калдыбы?

— Мазмундуу фильм болсо, элдин кинотеатрга барганы да жакшы. Ар кимдин эс алуу табити ар кандай да. Менимче, он жыл мурункуга салыштырмалуу элдин искусствого болгон түшүнүгү өстү. Же балким ушул чөйрөдө жашап калган мага ошондой сезилеби, билбейм. Бирок жалпысынан алганда элдин маданиятка, искусствого болгон кызыгуусу дагы деле төмөн. Эл саясатка баш-оту менен кирип кетти. Ички көрөңгөнү искусство менен азыктандырып туруу да зарыл. Бул жагы албетте, өкүнүчтүү.

— Акыркы кезде жыгачка сүрөт түшүрүп, жип менен сүрөт тартып же кум менен пейзаж түшүргөн өнөрпоздор чыгууда. Искусствого да жаңы тармак, өзгөрүүлөр толукталып жатат го...

— Ооба, ар кандай өнөр менен алектенгендер чыгууда. Бирок живопись — бул классика. Бизде таланттуу, аракетчил, күчтүү сүрөтчү балдар бар. Буга биздеги жашоо шарт, базар экономикасында элдин өз жанын багууга тарбияланып калгандыгы себеп болуп жатса керек. Негизинен Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде кыргызстандык сүрөтчүлөр камчы салдырбайт. Кытайда, Түркияда, Россияда жана башка чет мамлекеттерде өткөн сүрөт искусствосунун чөйрөсүнө таандык иш-чараларда биздин балдар атайын чакырылат. Аты таанылып калган. Ал эмес коңшу өлкөлөрдүн аты чыгып калган эле айрым сүрөтчүлөрү биздин балдарга буюртма берип, биздин сүрөттөрдү көргөзмөлөргө алып чыккан учурлар болот. Анткени бул жерде бир гана финансылык кызыкчылык бар. Баасын келишип алабыз, акчасын төлөйт, каалагандай тартып беребиз. Андан ары киришпейбиз.

Кыргызстанский художник Азизбек Сулайманов
© Фото / из личного архива Азизбека Сулайманова
Художник Сулайманов сүрөттү түшүнүүдө негизи ашыкча билимдин деле кереги жоктугун, ар ким жан дүйнөсүнө жараша кабыл аларын айтат.

— Мамлекет тарабынан деле сүрөтчүлөргө жетишерлик көңүл бурулбай жатат го...

— Жеке менин мамлекетке деле таарынчым жок. Үмүт этпейм деле. Ооба, каржылык жактан ар кимдин өз оокаты өз колунда. Бирок уюштуруучулук жагын колго алып, көргөзмө, кечелерди өткөрүүгө да көңүл бурса жакшы болор эле. Анан да биздин жаш сүрөтчүлөргө моралдык колдоо менен мотивация жетишпейт. Сыйлап, эмгегин баалап бир барагын берип койсо деле жаштарга шык бермек. Көңүл буруу жок.

— Биздеги сүрөт сатып алуучу менен чет элдик алуучунун ортосунда айырма барбы?

— Айырма бар. Маекте жалаң негатив жөнүндө сүйлөп калгандай болуп жатам, бирок айтуу керек. Биздикилер дароо эле көлөмүн анан рамкасын карайт. Мисалга, бир метрге 1,5 метрлик сүрөт турса кээ бирөөлөр келип алып "ушуга эки эсе чоң болсо кандай болот?" деп сурашат. Сүрөт тууралуу "бул кандай сүрөт, мазмуну эмне жөнүндө деп кызыгышпайт. Же келип эле "ии, алкагы сонун экен ушуну алалы" дешет. Бул бир жагынан абдан өкүнүчтүү. Бирок сатып алуучунун баары эле андай эмес. Булар эптеп эле алып, бирөөгө белек кылып кутулайын деген адамдар болсо керек. Биздин кыргыздардын арасынан деле көргөзмөдө жактырып калган сүрөтүн атайын издеп келип өнөрканадан алып кеткендер деле болгон. Интернеттен көрүп, жактырып, жазышып жүрүп сатып алгандар да акырындан пайда болууда. Булар көбүнчө сыртта жүрүп келгендер. Санкт-Петербургда сүрөттөр орто эсеп менен 50-60 миң рублдин тегерегинде сатылчу. Ал эмгектерди алган россиялыктарды алгач акчасы бар адамдар катары кабыл алган элем. Бирок 30-40 миң рублдин тегерегинде маяна алгандар деле жактырып калган сүрөтүнө атайын айлыгын чогултуп келип алып кетишет экен. Алар сүрөттөн өзүнө жакын бир нерсе байкаса жактырып алышат. Буларда картинага мамиле бөлөк. Бирок ар бир улуттун табияты болот. Мүмкүн живопись кыргыздардын табиятына жакын эместир. Биздин нукура искусствобуз шырдак, курак, кайыш жасалгалары, ээр-токум, зергерлердин эмгектери эмеспи. Ушул жагынан да карап көрүү зарыл.

Картина кыргызстанского художника Азизбека Сулайманова
© Фото / Азизбек Сулайманов
"Жайлоодо". 2016-жыл

— Кыргызстандагы аты таанылып калган жаш сүрөтчүлөрдөн кимдерди атаар элеңиз?

— Мыкты жаш сүрөтчүлөр аябай көп. Мисалы, Садык Мурзаханов бар. Портреттерди абдан жакшы тартат. Мүнөзүн келиштирип берет. Ал каарманынын мурдун түшүргөндө эле кимди тартып жатканын түшүнүүгө болот. Бахрам Темиров турмуштук темаларды, айыл турмушу өңдүү чоң темаларды чагылдырууда алдына киши салбайт. Айып Алакунов тарыхый сүрөттөрдү мыкты берет. Ошондой эле пейзажды мыкты тарткан жаш балдар бар.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүрөтчүлүк менен жан багууга мүмкүнбү?

— Кыргызда "иштеген — тиштейт" деген макал бар. Кайсы кесиптин ээси болуп, адам эмне менен алектенбесин, ошол иште профессионал болушу керек деп ойлойм. Пандемиянын айынан бир жылдан бери мен дагы Кыргызстандан сыртка чыга албай турам. Тескерисинче, карантинде интернет менен иштешкенди жакшы өздөштүрдүм. Болгону сүрөттөрдү салып жиберүүдө почталардын убакыты кичине созулуп, кечирээк жеткирип жатты. Болбосо биздин художниктер жолун тапса эң сонун оокат кылууга болот. Адамдын өзүнө дагы байланыштуу. Кээ бирлер кейип эле жүрө беришет. Жок, антпестен эмгектенип, жолун таап иштесең болот.

701
Белгилер:
Азиз Сулайманов, Кыргызстан, живопись, сүрөтчү
Тема боюнча
Мультфильм каарманына айланган ар улуттун кыздары. Суктанткан сүрөттөр
COVID-19 эмдөө пунктунда адамдар

Өспүрүмдөр COVID-19га каршы эмделиши керек. Себебин адис түшүндүрдү

35
(жаңыланган 10:48 22.06.2021)
Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Ал эми Pfizer вакцинасы 2021-жылдын март айында 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өспүрүмдөр адатта COVID менен жеңил формада оорушат. Бирок алар дайыма чоңдор менен байланышта болгондуктан, аларга жугузуп салбоо үчүн вакцина алышы керек. Бул тууралуу "Известия" басылмасына BestDoctor аталышындагы медицинаны өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Юлия Ткаченко билдирди.

Ошол эле учурда дарыгер балдар коронавирустун жаңы штаммдарын, анын ичинде "индия" штаммын кандай кабыл алары тууралуу маалыматтар жок экенин айтат.

"Өспүрүмдөргө эмдөө эмне үчүн зарыл? Алар инфекция жуктуруу жагынан негизги звено болуп эсептелет. Өздөрү ооруну жеңил көтөргөнү менен ар дайым ата-энеси, чоң ата, чоң апасы же башка жашы өтүп калган туугандарына жуктуруп коюшу мүмкүн", — деди Ткаченко.

Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Дарыгердин айтымында, бул нерсе жаңылык эмес. 2021-жылдын март айында Pfizer вакцинасы 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан. Ал эми AstraZeneca вакцинасы кыйыр таасиринен улам изилдөөгө алынбай токтоп турат.

35
Белгилер:
эмдөө, коронавирус, өспүрүм, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуу "индия" штаммынын "куулугун" айтып берди
COVID жуктургандар кайда кайрылат. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар
Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады

Бир апта акысыз ташыйт. Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады. Сүрөт