Кыргызстандыктар Жаңы жыл алдында жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКош-Агачский район Республики Алтай
Кош-Агачский район Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдыздарга баам салам дегендерге аба ырайы тоскоол болушу мүмкүн, андыктан божомолдоолорду да карап туруу керек.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Декабрь айында Геминиддер жана Урсиддер топ жылдыздарынын жабыла учушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

Кечтеги жылдыздуу асман - Sputnik Кыргызстан
Кечтеги жылдыздуу асман. Бишкектин четинен тартылган укмуштуудай 11 сүрөт
Геминиддер — ар жылы боло турчу күчтүү агымдардын бири. Быйыл аны 7-декабрдан 17-декабрга чейин көрүүгө болот. Активдүүлүктүн туу чокусу 15-декабрга караган түнгө туш келип, саатына 120 метрге чейин жетет. Ай байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт, анткени кыймылдын туу чокусунан бир күн мурун жаңы ай чыгат.

Урсиддер — активдүүлүгү азыраак агым. Жыл сайын 17-27-декабрь күндөрү күчүндө болот. Максималдуу активдүүлүгү жылдын эң узун түнүнө — 22синен 23-декабрга караган убакытка туш келип, саатына 10 метеорго чейин жетмекчи.

Бирок баам салам дегендерге аба ырайы тоскоол болушу мүмкүн, андыктан божомолдоолорду да карап туруу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0