Ошто Кайгуул милициясы иштей баштады. Милдеттери

© Фото / Зульфия ТургуноваКайгуул милиция кызматкери
Кайгуул милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы 102 кызматына чакыруу түшкөн мезгилде 3-5 мүнөттө окуя катталган жерге жетип барат. Ал эми жөө жүрүүчү кызматкерлер өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактагы коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алышат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Ош шаарында Кайгуул милициясы иштеп баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ош ШИИБдин кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы Альберт Абдыкеримовдун айтымында, калаадагы кичи райондор 11 тилкеге бөлүнгөн, анда жалпы 80 кызматкер эки сменге бөлүнүп иштемекчи.

"Эртең мененки саат 8:00дөн баштап шаарда жөө кыдырган 16 кызматкер жана 11 унаа иштеп баштады. 102 кызматына чакыруу түшкөн мезгилде экипаж 3-5 мүнөттө окуя катталган жерге жетип барат. Ал эми жөө жүрүүчү кызматкерлер өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактагы коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алышат", — деди Абдыкеримов.

Кайгуулчулар унаа тыгындары жаралган учурда абалды жөнгө салууга да милдеттендирилгени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0