Юлий Худяков окуучусу Күнболот Акматов (сол жакта)

Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек

587
(жаңыланган 11:02 22.12.2020)
Кыргыз элинин тарыхында Енисей доору абдан орчундуу. Бул дарыянын жээгин байырлаган кыргыздар эркиндиги үчүн тынбай күрөшүп, державасын түптөгөн. Ал эми экинчи жагынан 18-кылымдын башында Енисейдин боюндагы кыргыздардын көбү аргасыздан Ата Журтун биротоло таштап кеткен.

Ушул тарыхый процесс тууралуу атактуу советтик жана россиялык археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак иликтөөчү Юлий Худяков менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

— Юлий Сергеевич, енисейлик кыргыздардын тарыхына кандайча тартылып калдыңыз?

— Бала чагымдан баштап көчмөндөр кандай курал-жарак колдонгонуна абдан кызыкчымун. 1972-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин 3-курсунда окуп жүргөн учурда тематикам боюнча музейлерди аралап материал издей баштадым. Мындан сырткары, бул багыт боюнча ленинграддык окумуштуулар менен кат жазышып калдым. Багыма жараша, белгилүү советтик жана россиялык археолог Галина Длужневская археологиялык изилдөөчү отряддын жетекчиси экен. Ал Тувадагы енисейлик кыргыздардын мурасы боюнча изилдөө жүргүзчү.

Мени байыркы түрк менен енисейлик кыргыздардын мүрзөлөрүндө темирден жасалган курал-жарактардын, анын ичинде өзгөчө жебелердин темирден жасалган учтары аябай кызыктырды. Өзгөчө енисейлик кыргыздардын коргондорунда абдан жакшы сакталганы байкалат. Ал эми байыркы түрктөрдүн мүрзөлөрүндө бул куралдын айрымдары гана сакталган экен. Бул маркумдун кандай шартта жерге берилгенине байланыштуу болот. Каза болгон кишини алар аты, курал-жарагы менен чогуу көмүшкөн. Эң кызыгы, ошол эле учурда эки элдин мүрзөлөрү жакын жайгашкан.

Енисейлик кыргыздар согуш учурунда курман болгон же өз ажалы менен өлгөн боордошунун сөөгүн сооту, курал-жарагы менен чогуу өрттөгөн. Белгилей кетчү жагдай, алар бойго жетип каза болгон кандаштарын ушинтип коюшкан. От маркумдарды бул жашоодогу топтолгон кири менен кетирген күнөөсүнөн тазалайт деп ишенген. Андан кийин баарын чогултуп көмүп, үстүнө коргон кылган. Көмүр менен күл темирден жасалган курал-жаракты дат бастырган эмес окшойт. Жаш балдардын сөөгү өрттөлгөн эмес. Дал ушул өзгөчөлүктөрдөн улам бул элдин курал-жарагын изилдөөнү чечтим. Бирок бул маселенин канчалык терең экенин билбей аралашкан экенмин (күлүп).

Археолог, военный историк Юлий Худяков, один из авторов ряда трудов по истории енисейских кыргызов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атактуу советтик жана россиялык археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак иликтөөчү Юлий Худяков

— Ушул багыттагы изилдөөчүлөр анча көп болбосо керек?

— Енисейлик кыргыздардын тарыхын изилдегенден кооптонушчу. Анткени алар хакасиялык тарыхчы Леонид Кызласовдон айбыкчу. Енисейлик менен тянь-шандык кыргыздардын ортосунда эч кандай байланыш жок, экөө эки башка эл деген теорияны Кызласов таңуулап келген. Анын үстүнө Леонид Романович Москва мамлекеттик университетинин профессору жана ВАКтын эксперти эле. Дал ушул себептен улам жадагалса Длужневская менден кийин кандидаттык диссертациясын коргоду.

Мен алгач илимий тематикам боюнча өзүнчө классификация иштеп чыктым. Бул классификацияга негиз катары байыркы Русь менен скифтердин курал-жарагын изилдеген Андрей Кирпичников, Алексей Петров жана Евгений Черненконун илимий иштерин алдым. 6-кылымдан баштап 12-кылымга чейин енисейлик кыргыздардын курал-жарагы кандай нукта өнүккөнүн изилдедим. Россия Илимдер академиясынын курамындагы Сибирь бөлүмүнө караштуу Археология менен этнография институтунда иштегендиктен, кандидаттык диссертациямдын урунттуу жерлерин алып "Кыргыздар Табат өрөөнүндө" аттуу китеп чыгардым. Бул китеп Новосибирскидеги "Наука" басмаканасында басылды. Ошол убактагы эреже боюнча, бул басмаканадан чыккан китептин бир нече нускасы бардык союздук республикалардагы "Академкнига" китеп дүкөндөрүнө жиберилчү. Ошентип бир нече китебим Фрунзе шаарына келип, илимий эмгегим абдан чоң кызыгуу жаратыптыр. Бир топ жылдан кийин илимий конференцияда Кыргызстандын алдыңкы археологдорунун бири маркум Исман Кожомбердиев менен тааныштым. Ал мени Кыргызстанга чакырды. 1982-жылы Фрунзеге келип жергиликтүү кесиптештер менен алака түзүлдү. Эң кызыгы, бул китебим Молдавияда жашаган түрк тектүү гагауздардын арасында да кызуу талкуу жаратыптыр.

— 8-кылымдагы Енисей Кыргыз каганатынын башчысы Барсбектин мүрзөсүн издедиңиз беле?

— Ооба, Абакан дарыясынын оң жээгиндеги Алтын-Көлдүн жанында жайгашкан Бондарёво айылынын тегерегинен издегенбиз. Себеби буга чейин бул аймактан байыркы руника менен жазылган эки плита табылган. Азыр ушул эки плита Минусинск шаарындагы музейде сакталууда. Анын бирин белгилүү советтик жана россиялык чыгыш таануучу Сергей Кляшторный которгон. Ал Барсбекке арналыптыр. Түрктөр мындай плитаны эстелик катары коюшкан. Ал эми енисейлик кыргыздар ушундай эле плитаны каза болгон адамдын коргонунун жанына коюшчу. Тилекке каршы, анын сөөгү коюлган коргонду таба алган жокпуз. Барсбектин мүрзөсү айдоого айланып калган болуш керек.

Археолог, военный историк Юлий Сергеевич Худяков и тюрколог Виктор Яковлевич Бутанаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
атактуу советтик жана россиялык археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак иликтөөчү Юлий Худяков жана түрколог Виктор Бутанаев

— Енисейлик кыргыздардын тарыхын сизден тышкары дагы кайсы илимпоз изилдеген?

— Шакиртим Сергей Скобелев енисейлик кыргыздардын кечки орто кылымдагы маданиятын изилдейт. 15-кылымдан берки жазма булактар аз эле. Ошондуктан илимпоздор бул темага көп кайрылышкан эмес. Азыркы күндө 15-17-кылымдарга таандык енисейлик кыргыздардын маданиятына тиешелүү эстеликтер табылды. 18-кылымдын башында Жунгар хандыгынын өкүмдары Цэвен Рабдандын буйругу менен енисейлик кыргыздардын басымдуу бөлүгү мажбурланып азыркы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округундагы Эмель дарыясынын боюна көчүрүлгөн. 1758-жылы Кытайды башкарган маньчжур Цинь династиясы Жунгар хандыгын талкалап, багындырат. Андан кийин алар енисейлик кыргыздарды Маньчжурияга көчүрөт. 1990-жылы Скобелев менен казакстандык тарыхчы Альжан Шомаев Харбин шаарында стажировкага барышат. Ошол учурда экөө кокусунан Хэйлунцзян аймагындагы Фуюй уездинде енисейлик кыргыздардын тукумдары бир нече айыл болуп жашаганын угат. Бирок булардын ысымдары менен фамилиялалары кытайча жазылып калган экен. Скобелев менен Шомаев аларга барып уруулары жөнүндө маалымат жазып кетет. Белгилей кетчү жагдай, бул кыргыздар тууралуу көпчүлүк материалды казакстандык илимпоз Альжан Айтимбетович чогулткан. Андан соң ал жерге Хакасиядан белгилүү окумуштуу Виктор Бутанаев баш болгон башка тарыхчылар барып маньчжуриялык кыргыздардын түбү Енисейден экенин тастыкташкан.

— Сиздин пикириңиз боюнча Тянь-Шанда кыргыздар кандайча пайда болгон?

— 840-жылы енисейлик кыргыздар Уйгур каганатын талкалагандан кийин анын ордуна өз державасын негиздешкен. Борбордук Азия Кыргыз каганатынын карамагында болуп калды. Бирок бул эбегейсиз территорияны узак убакыт көзөмөлдөөгө енисейлик кыргыздардын алы жеткен жок. Себеби алар саны жагынан аз эле. Булардын уюткусу Енисей дарыясынын ортоңку агымындагы Миң-Өзөн ойдуңунда гана жайгашкан. Белгилей кетчү жагдай, ошол учурда көчмөндөр бири-бири менен территория үчүн согушчу эмес, башка көчмөн урууларды багындырууну көздөшкөн. Ошондуктан көпчүлүк учурда жеңилген көчмөн уруулар башка аймакка качкан. Енисейлик кыргыздар уйгурларды жеңгенден кийин ушул территория ээн калган. Жогоруда айтылган аймакка кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанга качкан дөөлөс урууларын кайтаруу үчүн кубалап келип отурукташып калган.

— Чыңгыз хандын саясаты енисейлик кыргыздарга кандай таасир этти?

— 1207-жылы Чыңгыз хандын уулу Жочу енисейлик кыргыздар менен согушпастан баш ийдирет. Бирок алар монгол мамлекетинин казынасына салык төлөгөн эмес. Согуш башталганда аскерлерин Чыңгыз хандын армиясына жиберүүгө милдеттүү болчу. 1218-жылы монгол тектүү тумат элинин Чыңгыз ханга каршы козголоңун басуу кыргыздарга милдеттендирилген. Бирок булар баш тартып көтөрүлүш чыгарышат. Ошондо Жочу аларды кайра күч менен багындырат. Андан кийин Чыңгыз хан енисейлик кыргыздарды согуштарында алдыга салып аёосуз жумшаган.

Томскилик археолог Ольга Беликованын маалыматына таянсак, енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү монгол баскынчылардан Томь дарыясынын боюндагы чытырман токойлордун арасындагы жазы өрөөндөргө качып, жашынышкан. Бул аймактар тууралуу монголдордун маалыматы жок эле. Ушул тема боюнча Беликова илимий китеп жазган.

587
Белгилер:
енисей кыргыздар, каганат, Юлий Худяков, дарыя, тарых, Енисей
Тема боюнча
Окумуштуулар: хакастар азыркы кыргыздарды Энесай кыргыздарынын тукуму деп эсептебейт
Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Сиздерге таазим! Мамытов Ленинградды курчоодон бошотуу күнүнө карата кайрылуу жасады

54
(жаңыланган 11:30 27.01.2021)
Мамытов 27-январда белгилене турчу маанилүү дата — Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнгө карата жасаган кайрылуусунда советтик аскерлердин эрдигин өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.

"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.

Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.

Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы Бишкекте белгиленди
© Фото / представительство Россотрудничества в КР
"Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды. Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат. Урматтуу ардагерлер, сиздерге терең таазим! Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде", — деген президенттин милдетин аткаруучу.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.

54
Белгилер:
Талант Мамытов, кайрылуу, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш, Ленинград, курчоо, фашизм
Тема боюнча
Путин КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазы болду
Кыз кукласы менен отурат. Архив

Баланы сексуалдык зомбулуктан кантип коргоо керек. ИИМдин эрежелери

63
(жаңыланган 11:06 27.01.2021)
ИИМ балдарга карата сексуалдык зомбулук болгон учурда кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат. 

  • Министрлик ата-энелерди балдарга сак жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аларды зомбулуктан коргоонун жолдорун айтып берди.
  • Балдар тийишкен адамдар тууралуу жакындарына же ишенимдүү адамга айтуудан тартынбашы керек;
  • Өзүңдүн коопсуздугуңду сактоого укугуң бар. Зомбулук аракет кылгандарга жооп кайтара бил;
  • Жолдогу бейтааныш адамдардын автоунаасына отурба. Зарылчылык жаралганда такси кызматын чакыр;
  • Подъездге, лифтиге түшүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;
  • Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;
  • Каякка барарыңды жана качан келериңди жакындарыңа билдирип тур;
  • Туугандарың болсо дагы эркектер менен жалгыз калбаганга аракет кыл. Үйдө ата-энелер жокто эркектерди киргизүү да кооптуу;
  • Түнгө калба жана конокто көпкө отуруп калба.

Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун"  жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады. 

"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.

Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.

63
Белгилер:
ата-эне, бала, коопсуздук, зомбулук, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Алтай, жалаа, сурак. Мончодо өспүрүмдү зордуктоо видеосу боюнча жаңы жагдайлар айтылды
АКШнын аскер кызматкери. Архив

"Мындай кадам башынан анык эле": эмне үчүн Түндүккө басым жасалууда?

0
(жаңыланган 13:20 27.01.2021)
АКШ армиясы россиялык чек араларга жакын Норвегиядагы ордун бекемдөөдө. Январда ушул жакка миң чакты деңиз пехотачысы түшүрүлгөн.

Ошону менен бирге эле америкалык саясатчылар жана генералдар Арктикадагы чыңалуунун курчуп баратканын билдиришет, эксперттердин пикиринде, андай абалды өздөрү жаратууда. Пентагон Норвегияны эмнеге даярдап жатканын Николай Протопопов талдап көрүүгө аракеттенген.

Викингдерге мейманга

Деңиз пехотачылары ротациянын алкагында Түндүк Каролинадан Норвегияга жайгашууда. Америкалыктар мындай амалды бир нече жылдан бери жасап келет, бир бөлүктүн ордун экинчиси басып, айтор АКШнын аскердик контингенти иш жүзүндө дайым бул өлкөдө.

Норвегиялык инструкторлордун жетекчилигиндеги деңиз пехотачыларынын милдети Арктиканын катаал шарттарында аскердик аракеттерди аткарууну үйрөнүү жана НАТОдогу кесиптештери менен тыгыз аракеттешүүгө машыгуу.

Келерки айда он миңдин тегерегиндеги америкалык, норвегиялык, ошондой эле голландиялык жана англиялык жоокер катышкан Joint Viking 2021 масштабдуу машыгуусу өтөт.

НАТОчулар узун аралыкка ыкчам жетүүгө машыгып, бардык деңгээлде маалымат алмашуу ыкмаларын өздөштүрүп, биргелешкен операцияларды өткөрөт.

JointViking машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт. Күчтөр — сооттолгон техника, артиллерия, авиация, кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — жүздөгөн чарчы чакырымдык аймакта жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерге, айрыкча токойлуу жана тоолуу жерлерде машыгышат.

Аскердик эксперт Александр Жилин белгилегендей, АКШнын аскердик доктринасына ылайык, алардын армиясы негизинен чет өлкөлөрдө согушууну өздөштүрөт.

"Ошондуктан мамлекеттик саясат америкалык аскерлер согуштук аракеттер, чалгындоо, аэродромдорду айланып учуу, деңиз жолдорун айланып сүзүүгө машыгуу үчүн бөлөк өлкөлөргө туруктуу барып турушуна ылайыкталып түзүлөт, — деп түшүндүрөт ал. — Биргелешкен операцияларга өзгөчө көңүл бурулат, анткени АКШ дайым бирөөнүн колу менен согушат". Эксперттин айтымында, Пентагон кырдаалды жасалма жол менен курчутат, анткени АКШ жана НАТО Арктикадан орун алууга умтулуусунан түк кайткысы жок.

"Деңиз пехотачылары коргонууга эмес, чабуул коюуга машыгышат, — деген ойдо Жилин. — Анын ичинде Россияга каршы да машыгышат. Эгер НАТОнун Европадагы окууларын жалпысынан талдап көрсөк, мындай машыгууларды Москва үчүн кыйын зоналарды жаратуу үчүн уюштурушканы айдан ачык. РФ армиясы айрыкча Норвегияда орун алган көрүнүштөр боюнча чара көрбөй кое албайт. Паникага алдырбайт, бирок күч жана каражаттарын алаксытат. Кандайдыр чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн биз кырдаалды толук көзөмөлдөөгө тийишпиз".

Түндүк плацдарм

"Валдай" аналитикалык клубунун эксперти Артем Куреев Аляскада америкалыктардын Арктикадагы согуштук аракеттердин тактикасына машыгуу үчүн өздөрүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар экенин белгилейт. Бирок баары бир алар Норвегияда машыгууну туура көрүшөт.

"Бул аларга НАТО лидери катары зарыл, — деп белгилейт Куреев. — Норвегия — альянстын эзелки мүчөсү. Осло Россияны болжолдуу душманы катары көрөт. Кансыз согуш жылдары эле норвегиялыктар Арктикада СССРге каршы аракет этүү үчүн инфраструктура түзүп, колдоп келген. Ошол дале уланууда. Абал чындап курчуп кетсе, Түндүк Норвегия дароо россиялык Мурманскиге карай жолдо НАТОнун негизги плацдармына айланат".

Вашингтон Арктикадан башка өлкөлөрдү сүрүп бекем орун алууга аракет кылат, муну жаңы Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана Деңиз пехотасы корпусунун Арктикалык стратегиясы да тастыктайт. Атап айтканда, анда "арктикалык аймактагы аскердик-деңиз күчтөрү болбосо, тынчтык жана өнүгүүгө Россия менен Кытай тараптан коркунуч көбөйөрү" айтылат.

АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Кеннет Брейтуэйт белгилегендей, россиялык жээктерге жакын акваторияны күзөтүү жана "Ыраакы Түндүккө Москванын чабуулун" бөгөттөө үчүн Пентагон Арктикада аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды туруктуу түрдө кармоону пландайт. Ошону менен бирге эле Арктикада жердеги кубаттуу күчтөрдү да топтойт.

Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен өз кезегинде өлкөнүн коопсуздук саясатындагы негизги багыттар — Арктика жана Россиянын аймактагы ишмердиги, ал эми трансатлантикалык байланыш мында — маанилүү бөлүк экенин белгилеген. Айтымында, Норвегия НАТОдогу союздаштарынын Ыраакы Түндүктө жайгашуусун күчөтүүнү кубаттайт.

"АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасы, атайын бөлүктөрү, аскердик аба жана космостук күчтөрү менен катар Арктикада санаалаштарыбыз менен стратегиялык аракеттешүүнү өнүктүрөбүз, — дейт министр. — Бул Ыраакы Түндүктө союздук аскердик-деңиз жана аба күчтөрүнүн машыгууларын мезгил-мезгили менен өткөрүүнү болжойт. Норвегия бул иш-чараларга катышып, союздаштары менен оперативдүү шайкештикти жогорулатууга ниеттенет".

Чар тараптан

АКШ Түндүктө ордун олуттуу түрдө бекемдегенин белгилеп коюу зарыл. Норвегия мында дээрлик негизги ролду ойнойт. Өткөн жылы сентябрда норвегиялык Тромсе портуна Seawolf классындагы атомдук субмаринасынын жайгашышы кабарланган. Анын негизги вазийпасы — суу түбүндөгү россиялык кайыктардын багытына байкоо салуу.

Ал эми АКШ мурда "Түндүктө Россияны ооздуктоо үчүн" Экинчи флотту калыптандырган. Ал кезегинде Атлантика, Тынч океандын бир бөлүгү, Түндүк муз океандарындагы абалга көз салган. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн ал флот 2011-жылы жоюлган.

Кансыз согуштун дагы бир изи — россиялык чек арадан болгону 350 чакырымдык аралыкта жайгашкан жер алдындагы норвегиялык Олавсверн аскердик-деңиз базасы.

1960-жылы курулган жана үч жүз метрлик катмардуу тоо тек менен корголгон эбегейсиз бункерде НАТОнун субмариналары жана кемелери жайгашып, ремонттук док иштеп, ок-дары сакталган. Каалаган убакта батыш коалициясынын флоту советтик Аскердик-деңиз флотуна Норвегиялык деңизге жана Түндүк Атлантикага чыгуучу жолду бөгөп кое алган. 2000-жылдардын аягында база керексиз деп жабылып, бирок эми кайрадан калыптандырууну пландоодо.

Пентагон Арктикада аскердик-аба жагдайын күчтөндүрүүнү олуттуу түрдө колго алды. Өткөн жылы америкалык жана норвегиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн масштабдуу машыгуулары өткөн.

Дароо алты B-52 Stratofortress стратегиялык бомбалоочу Түндүк уюлду айланып, Норвегиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери менен машыгышты. Ал эми жакында эле Пентагон кийинки айда Техастан Норвегиядагы "Эрланн" авиабазасына үндөн ыкчам төрт B-1Blancer "стратегин" жеткирери белгилүү болду.

0
Белгилер:
машыгуу, НАТО, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп