Исфанадагы аэропортко Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Сүрөт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен облусунда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков
Баткен облусунда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевИсфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды
Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан
Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСалтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган
Салтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Салтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭскерте кетсек, "Исфана" аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды
Эскерте кетсек, Исфана аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды - Sputnik Кыргызстан
4/4
Эскерте кетсек, "Исфана" аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды
1/4
Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды
2/4
Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан
3/4
Салтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган
4/4
Эскерте кетсек, "Исфана" аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды

Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан.

"Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имараты курулуп, аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт Жарактуулук сертификатына ээ болуп, Кыргызстандын авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык пайдаланууга берилди", — деген Новиков.

Салтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган.

Эскерте кетсек, "Исфана" аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды.

Лейлектеги Исфана аэропорту реконструкцияланып бүттү - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги "Исфана" аэропорту реконструкцияланып бүттү. Сүрөттөр
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы тарабынан "Исфана" аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген. Комиссия тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактуулугу боюнча сертификаты жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап Бишкек — Исфана — Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Маалыматтарга караганда, жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0