Өлкөдө 1 843 мектеп реалдуу режимде иштей баштады

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНовый учебный год в Бишкеке
Новый учебный год в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептерди ачууда ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынган. Белгилей кетсек, азырынча Бишкек шаарына караштуу мектептер гана онлайн-режимде окуп жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кечээтен баштап Кыргызстандын 1 843 мектебинде реалдуу режимде окуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, билим берүү мекемелерин ачууда ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынган. Окуучусу көп мектептерде 1-класстарга гана уруксат берилсе, балдар аз билим берүү жайларында 1-6, 9, 11-класстар салттуу режимге өтүшкөн.

Алар:

  • 401 мектепте 1-класстар;
  • 610 мектепте 1-11-класстар;
  • 107 мектепте 1, 11-класстар;
  • 30 мектепте 1-4-класстар;
  • 12 мектепте 1-6-класстар;
  • 12 мектепте 1-9-класстар;
  • 9 мектепте 1, 5, 9-класстар;
  • 21 мектепте 1, 9, 11-класстар;
  • 89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар;
  • 183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар;
  • 73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар;
  • 294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар;
  • 3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар окуп жатышат.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2 152 мектеп бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0