Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эмгегиңер зор! Талант Мамытов теле жана радио кызматкерлерин куттуктады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТалант Мамытов
Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1958-жылдын 8-декабры — кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан күн. Ошондон бери бул күн кесиптик майрам катары белгиленип келет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өлкө бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө журналисттердин эмгеги зор. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

"Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларды коомчулукка чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышат. Технологиялардын өнүккөн учурунда жашообузду маалыматсыз элестетүү мүмкүн эмес. Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор", — деп жазылат куттуктоодо.

Исполняющий обязанности президента КР, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
"Манас" бар — элибиз бар! Талант Мамытов кыргызстандыктарды куттуктады
Ошондой эле Мамытов коомдун туура багытта өнүгүшү журналисттердин чыгармачылык дараметинен түздөн-түз көз каранды экенине токтолду.

"Кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот деп бекем ишенем. Түйшүктүү, татаал ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди, заман талап кылган жаңыча көз карашты, талбай изденүүлөрдү каалайм", — деди ал.

Эске салсак, 1958-жылдын 8-декабрында кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0