Түлөбаев: жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырууда ортомчуларга ишенбегиле!

© Sputnik / Эркин СыдыковРуководитель аппарата мэрии Бишкека Балбак Тулобаев
Руководитель аппарата мэрии Бишкека Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айткан.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып, ортомчуларга алданып калбоону эскертти.

Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

"Бишкектин жаңы конуштарындагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот. "Акча чогулткула, биз чуркайбыз" дегендерге ишенбегиле! Кызыл китеп аларда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт", — деп жазган Түлөбаев.

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0