Коронавирус жуктургандар Чүй менен Көлдө көп. Оорудан төрт киши каза тапты

© REUTERS / STEPHANE MAHEМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 2 426 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 598 бейтаптын абалы оор деп бааланса, 106сы өтө оор абалда.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 295 кишиден коронавирус табылып, 473 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Чүйдө. Статистикадан Ысык-Көл облусунда да коронавирус жуктургандар көп катталганын көрүүгө болот.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 68;
  • Ош – 10;
  • Чүй облусу – 87;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 56;
  • Жалал-Абад облусу – 34;
  • Баткен облусу – 15.

Айыккандар:

  • Бишкек – 126;
  • Ош шаары – 22;
  • Чүй облусу – 118;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 68;
  • Баткен облусу – 34.

Кечээтен бери коронавирус төрт адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун үчөө Бишкекте болсо, бирөө Ош облусунда.

Ситуация в Эквадоре в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 21 миң тест-система алып берди
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 75 690го жетип, 67 873 бейтап айыкты. Тилекке каршы, оорудан 1 301 адам каза тапты.

Азыркы тапта ооруканаларда 2 426 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 598 кишинин абалы оор деп бааланса, 106сы өтө оор абалда.

Бир суткада алты медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 16 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0