Мектептен коронавирус жуктурган балдар барбы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВ Приморье возобновили обучение детей в малокомплектных школах
В Приморье возобновили обучение детей в малокомплектных школах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп курагындагы балдардын ичинен коронавирус эң көп ноябрь айында катталды. Бирок мектептен жуктурган учурлар болгон жок.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Окуучулар арасында (7ден 17 жашка чейинки) мектептен COVID жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, балдар вируска кабылган учурлардын бардыгы үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыштуу.

Сентябрь айында балдар арасында — 48, октябрда — 315, ноябрда  320 учур катталган.

Эске салсак, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында эпидемиологиялык абалды эске алуу менен мектептер ачылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0