Кыргызстанда COVID жуктургандардын көбүнүн жашы 65тен өтүп калган

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМашины скорой помощи у больницы в Коммунарке
Машины скорой помощи у больницы в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миңден ашык адам илдетке кабылган. Алардын 67 873ү сакайып кетсе, 1301и көз жумду.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. COVID жуктурган кыргызстандыктардын көпчүлүгү 65 жаштан жогорку курактагылар. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 100 миң адамга 65 жаштан жогорку курактагы 1 650 учур туура келет.

Пандемия башталгандан бери республикада 75 690 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталган. Алардын 67 873ү сакайып кетсе, 1301и көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0