БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Учурда атайын жумушчу топ жогорку окуу жайларында билим берүү процессин уюштуруу боюнча деталдуу алгоритмдерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Эпидемиологиялык абалды жана адистиктер боюнча окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ЖОЖдордо окуу процессин уюштуруунун деталдуу алгоритмин иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Учурда алар документти даярдап жатат", — деп айтылат бидирүүдө.
Эске салсак, былтыркы окуу жылынын акыркы айларынан тарта студенттер менен окуучулар (быйыл 1-класстын окуучуларын эске албаганда) аралыктан окуп жатышат. Бирок акыркы мезгилде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айрым аймактарда мектептер четинен ачыла баштады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.