КР аскерлери өзгөчө абал тартибине машыгуу менен "даярдык көрөт"

© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КРАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер кызматкерлердин кандай машыгарына Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы байкоо салат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстанда аскер кызматкерлери машыгуу менен өзгөчө абал тартиби кирген маалда милдетин кантип аткарууну өздөштүрөт. Бул туурасында Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Комплекстүү командалык штабдын машыгуусу эртең, 9-декабрда, Кой-Таштагы № 73809 "Ала-Тоо" аскер бөлүгүндө өтмөкчү.

"Аскер кызматкерлери машыгуунун жардамы менен өзгөчө абал тартиби киргенде милдетин кантип аткарууну жана ал кырдаалда өлкөнүн райондорунда киргизилген өзгөчө тартип орнотууну өздөштүрөт", — деп түшүндүрүштү Генералдык штабдан.

Аскер кызматкерлердин кандай машыгарына Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы байкоо салып турары айтылды.

Эске салсак, жакынкы жылдары республикада эки ирет өзгөчө абал орнотулган. Бири COVID-19дан улам Бишкек менен бир нече облуска, экинчиси октябрдагы саясий толкундоолордо борбор шаарга киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0