Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. Тизме

Жазылуу
Бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдой турганы айтылды. Оңдоо иштери саат 18.00гө чейин жүрөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында шаршемби күнү, 9-декабрда, жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 11:00гө чейин — Абай, Горький жана Орловский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Найманбаев, Суванбердиев жана Матросов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев көчөсү, 4-кичи райондун бир бөлүгү (№29-35 үйлөр, Еврей мектеби), Юнусалиев, Карасаев, Ибраимов көчөлөрүнүн бир бөлүгү (№26, 28 үйлөр), Шопоков (№29, 29/1 үйлөрү) жана Үсөнбаев көчөсүндөгү №3 үй;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Ак-Өргө конушунун бир бөлүгү (Камбаркан, Кырк-Чоро, Молдо Нияз жана Лущихина);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Широкий көчөсү, Элебесов, Маяковский көчөлөрү менен Керченский, Обозный туюк көчөлөрү менен чектешкен аймактар;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Махатма Ганди, Мидин, Жаңылык, Жаштык, Курулуш, Абдрахманов, 12-көчө, Термечиков, Шералиев, Арча 1, Арча 3, Ала-Арча, 14-17-көчөлөр, Чортеков, Коенкөзов, Ташкент, Тоголок Молдо, Жибек Жолу, Профессор Зима жана Исанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү.
    Мындан сырткары, Алтын-Бешик (Жаз, Алтын-Бешик, Кара-Балта, Коммунаров көчөлөрү), Ала-Тоо (Орто-Арык, Ак-Кыя, Ала-Тоо, Кара-Шоро), Ак-Босого (Чүй 48, Чүй 49, Манас, Саадаев көчөлөрү) жана Арча-Бешик (Миң-Куш, Он-Арча, Баха, Кара-Коо көчөлөрү) конуштарында жарык жок болот.
  • 10:00дөн 18:00гө чейин — Кайыңды конушунда;
  • 11:00дөн 13:00гө чейин —Абдрахманов, Байтик баатыр, Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 11:00дөн 17:00гө чейин — 6-кичи районундагы №5А үйүндө;
  • 13:00дөн 15:00гө чейин — Киев көчөсү менен Эркиндик проспектинин бир бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0