Дарыгер COVID-19дан кийинки чарчоодон арылуунун жолун айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан маскачан адам. Архив
Көчөдө бараткан маскачан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психологиялык көз караштан алганда чарчоо эмоционалдык бузулуу, кыймылсыз жашоо образы жана үйдө иштөө менен байланыштуу болушу мүмкүндүгү айтылат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен күрөшүүдө кыймыл керек экенин РИА Новостиге Италиянын жалпы дарыгерлер федерациясынын башкы катчысы Сильвестро Скотти билдирди.

Анын айтымында, учурда үйдө обочолонуп жаткан 700 миң оорулуунун кеминде 200 миңи инфекциянын кесепетин тартып жатат.

Дарыгер негизги синдром деп саналган чарчоодон арылуу үчүн бир жерде отуруп же жатып албоо керектигин айткан.

"Акырындан кыймылдап баштоо керек. Мүмкүн болсо 4-5 миң кадам басып, тепкичтен өйдө көтөрүлүп, машыгуучу велосипедди бир нече мүнөт тээп, көнүгүүлөрдү калтырбай жасаңыз", — деди эксперт.

Ошондой эле адис вирустан айыккандардын абалына байкоо салып турууга аймактагы терапевттердин да салымы чоң болорун белгилеген. Алар бейтаптар менен ден соолукту калыбына келтирүүнүн программасын түзүп алганы оң.

Психологиялык көз караштан алганда чарчоо эмоционалдык бузулуу, кыймылсыз жашоо образы жана үйдө иштөө менен байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0